(1:19 / 7.88Mb / просмотров видео: 5)

Чуулгандуу видеонун бир каарманы табылды, экинчиси изделүүдө

143
(жаңыланган 15:12 07.07.2015)
Экинчи каарман Адилет Жунусов азырынча табыла элек, анын орду белгисиз бойдон калууда.

Жарандык активисттер менен Жол кайгуул кызматынын инспекторлору катышкан чуулгандуу видеонун бир каарманы табылып, экинчиси издөөдө экенин Бишкек ШИИБ жетекчиси Кашкар Жунушалиев пресс-конференция учурунда билдирди.

Шейшемби күнү социалдык тармактарда ЖКК инспекторлорунун үч жүргүнчүсү бар унааны токтоткону тартылган видео жайгаштырылган. Роликтин авторлорунун бири Болот Ибрагимовдун айтымында, инспекторлор айдоочудан пара талап кылышкан. Алардын жанында турган эки жаран окуяга кийлигишип, араздашып кетишкен. Андан соң видеого ээ болуу үчүн жарандар машинанын артынан кууп жөнөшкөн да, унаанын номерлерин жулуп алышкан. Видеого түшүрүлгөн милиция кызматкерлери аталган жарандарды тааныбай тургандыктарын билдиришти.

Жунушалиевдин айтымында, инспекторлорго карата кылмыш иши видео ачыкка чыккан күнү эле козголгон. Ал эми Ибрагимовдон арыз кийинчерээк түшкөн. 

"Видеого түшүрүлгөн жарандын бири – Азирет Азыров учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экинчи катышуучу Адилет Жунусовго издөө жарыяланды, анын турган орду белгисиз", — деди ички иштер башкармалыгынын жетекчиси.

Ал видеого түшүрүлгөн инспекторлор кызматтан четтетилгенин билдирди. Ал эми алардын жанындагы жарандар тууралуу төмөнкүдөй пикирин айтты: "Акыркы жарым жылдын ичинде инспекторлорго карата айдоочулардын туура эмес мамилеси көп катталган. Ошондон улам алар штаттан тышкаркы жарандарды тартышууда".

Жунушалиев мындай аракет инспекторлорго каршылык көрсөтүү фактыларын жана айдоочулардын туура эмес мамилесин далилдөө үчүн жасалганын кошумчалады.

143
Белгилер:
Бишкек, видео, инспектор
Тема:
Пара талап кылган жол инспекторлорунун видео чуулганы (11)

Эки кыргызстандыктын бири "Голос" шоусунун кийинки туруна өтпөй калды. Видео

66
(жаңыланган 15:55 04.12.2021)
Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав "Голос" шоусунун нокауттар этабынан ийгиликтүү өтүп, кийинки турга жолдомо алды.

3-декабрь күнү эфирге чыккан берүү 18-ноябрда тартылган. Андыктан эфирден 28-ноябрь күнү көз жумган ырчы, насаатчы Александр Градскийди дагы көрүүгө болот.

Волкодав "Нокаутта" "Чиж и Ко" группасынын "Полонез" чыгармасын аткарды. Чечим кабыл алып жатканда Градский бул ырдын Волкодавдын аткаруусундагы версиясы абдан жакканын айткан.

"Александр абдан жөнөкөй жана жеткиликтүү ырдады", — деген маэстро.

Кыргызстандык ырчыны калыстар тобунун башка мүчөлөрү дагы макташты.

Экинчи кыргызстандык Адилет Жумабеков кийинки турга өтө алган жок. Ал Эдуард Артемьевдин "Урга" аталышындагы ырын аткарган.

Насаатчы Дима Билан бул этапта өзүнүн үч шакиртинин бирин гана тандашы керек болду.

Жыйынтыгында Биландын командасында музыкант Ильхом Тагиров калды.

66
Белгилер:
Александр Волкодав, 'Голос' долбоору, Адилет Жумабеков
Тема боюнча
Кыргызстандык Аскат Осмонов Азиянын келишимдүү жигити сынагына катышууда. Видео
Кыргызстандык "Голос" шоусуна катышып, Билан менен Агутинди таң калтырды. Видео
Кыргызстандык эки ырчы тең "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү. Видео

Кыргыздар кошо гимн ырдап... Жуманазарова Велиеваны Москвада уткан видео

691
(жаңыланган 11:34 04.12.2021)
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова россиялык атаандашы Ханум Велиевадан мыкты экенин дагы бир жолу далилдеди. Беттеш "Гран-при Москва — АЛРОСА" кубогунун алкагында болду.

Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында Кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Биринчи эле бөлүктө Мээрим адегенде контрчабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болду. Бөлүк 3:0 менен аяктады.

Экинчи үч мүнөттүктө кыргызстандык балбан кыз эсеп артыкчылыкты сактап калуу тактикасы менен күрөштү. Велиева чабуул жасап Мээримди эки ирет чийин сыртына сүрүп чыгарып эки упай алды. Беттеш 3:2 Мээримдин артыкчылыгы менен жыйынтыкталды.

Мээрим Жуманазарованы мелдешке машыктыруучу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган. Мелдеш Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өттү.

Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.

Спортчу кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген. Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан болчу.

Ал эми 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта беттешсе, экинчисинде Польшада былтыр өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан. Үчүнчүсүндө быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин жарым финалында кармашып, Мээрим жеңип алган

691
Белгилер:
Кыргызстан, Мээрим Жуманазарова, күрөш, балбан, жеңиш, видео
Тема боюнча
UWW Тыныбековага быйылкы ийгиликтери үчүн 10 миң доллар сыйлык берет
Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту
Коронавируска кабылган бейтаптарды караган медик. Архивдик сүрөт

“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу

0
Буга чейин окумуштуулар жаңы штаммдын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Коронавирустун “омикрон” штаммынын пайда болушу менен COVID-19 илдети мурдагыдан жеңилирээк өтүп, кесепети дагы мурдагыдай оор болбой калышы мүмкүн. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Адис ДССУнун бул вирус дүйнө жүзүнө жыл жаңырганга чейин жайылып кетет деген пикирине кошулбай турганын айтты.

"Жаңы жылга чейин жайылып кетүүгө үлгүрбөйт. Мисалы, "дельта" 2020-жылдын күзүндө пайда болуп, дүйнөнүн ар тарабына быйылкы жылдын май-июль айларында жетти. Андыктан “омикрондун” канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айтууга эрте”, — деди Альтштейн.

Ошондой эле ал омикрондун кандай алсыз жактары бар экенин айтып, дал ушул штамм менен пандемия аякташы мүмкүн экенин божомолдоду.

“Штаммдын S-белогу 32 жолу мутация болгон. Бул өтө көп, демек, геному алсыз. Буга чейин жуктуруп алган 100 киши жеңил формада ооруп жатат, каза болгондор жок. Коронавирустан өлгөндөрдүн саны кадимки грипптен көз жумгандарга теңелип калганда пандемия бүттү деп айтсак болот. Бул жаатта алганда пандемия “омикрон” менен бүтүп калышы дагы ыктымал”, — деди вирусолог.

Анткен менен адис сөзүнүн соңунда бардыгы бул штамм улгайган адамдарга жеткенде гана белгилүү болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирусолог, божомол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды