Дарыгерлер башына арматура кирип кеткен баланы 4 саат операция кылышты

Жазылуу
Эски бассейнге секирип түшкөн он бир жаштагы Тимур Абдукалимовдун башына арматура сайылып калган.

Өспүрүмдүн айтымында, бассейиндин эскилиги жеткен, ал сууга секирип атканда чыгып турган темирди көргөн эмес.

"Менин бассейнге секиргеним досторума жаккан. Дагы бир жолу секир дешти, экинчи жолу секирип, суудан чыгарда арматура башыма сайылып калды", — деди Абдукалимов.

Баланын апасы Наргиза Салижанованын айтымында, арматура цементке бекитилгендиктен, аны араалап салууга туура келген.

"Кудай сактады, арматураны аралап жатканда балам эсин жоготкон жок. Мен баламды жоготуп алат болчумун, кудайга шүгүр балам аман-эсен", — дейт Салижанова.

Баланын башына сайылган темир беш сантиметрдей кирген. Операция жасаган дарыгер Нургазы Аматовдун айтымында, бейтапты кудай чоң сактап ал аман калган.

"Эгер темир дагы кичине эле киргенде, баш мээ жабыркамак", — дейт Аматов.

Арматураны алуу төрт саатка созулган. Бала өз калыбына келүү үчүн бир жыл дарыланышы керект. Анын абалы азыр жакшы экенин дарыгерлер айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0