Баткен облусунда паспорту жок жүргөн жарандарга паспорт берилди

Жазылуу
Жарандыгы жоктордун көбү Кыргызстанда туулуп-өскөн, андан сырткары чет өлкөдөн келип жергиликтүү калк менен аралашып кеткендери да бар. Алардын арасында Кыргызстандын жарандарына турмушка чыгып, бирок жарандыгы чечилбей жүргөн чет элдик кыргыз келиндери арбын.

Жаңы паспорт алгандардын арасында Январхан Жолчуева да бар. Анын буга чейин паспорту болгон эмес.

"Буга чейин кызыл паспорт менен жүргөн элем. Андан улам сырт жакка чыга алчу эмесмин. Өзүм Өзбекстандан келгем. Өзбекстанга да өтө албай жүрдүм", — дейт ал.

Жалпысынан Баткен облусунда паспорту жок жүргөн 15 адамга Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорт тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0