БРИКС жана ШКУ саммиттериндеги аюу, бал, малакай жана самоор

Жазылуу
Уфада өтүп жаткан БРИКСтин жана ШКУнун саммитинде Конгресс-холлго жанаша этноайыл орнотулду. Бул туурасында Республикалык чыгармачылык борборунун директору Байрас Ишбердин билдирди.

"Жети боз үйдө колго жасалган буюмдар, Башкырстандын тарыхын жана маданиятын чагылдырган Улуттук музейдин экспонаттары коюлду", — деди Ишбердин.

Этноайыл Уфа амфитеатрындагы Конгресс-холлго катар жайгашкан. Директор ал жерден саммиттин коноктору үчүн Башкыртстандын улуттук, руханий дөөлөттөрү менен таанышып, маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0