(1:17 / 8.23Mb / )

Дриблинг жана сокку Акеля Жумалиева топ тебүү чеберчилигин көрсөттү

418
2015-жылдын Мисс-футболу Акеля Жумалиева бир жылдан бери профессионалдык деңгээлде футбол ойнобосо дагы өз чеберчилигин кынтыксыз көрсөттү. Ал бош убактысын футбол талаасында өткөргөндү жакшы көрөт.

Акеля Жумалиева "Абдыш-Ата" футбол клубунун мурдагы жарым коргоочусу. Ал он жашынан баштап, 2005-жылдан бери футбол ойнойт. Иштен улам бош убактысы болбогондуктан ал клубда ойноону токтоткон.

Жумалиеванын айтымында, ал кичинесинде башка кыздардай болуп куурчак эмес, көчөдө футболду көп ойногон. Жаш кезинен тарта эле футболдук клубдарда ойноону самачу.

418
Белгилер:
кыз-келиндер, футбол, "Абдыш-Ата" ЖЧК, Бишкек

Макгрегор менен Порьенин жакында болчу беттешине арналган видео

64
(жаңыланган 12:17 14.06.2021)
UFC өзүнүн YouTube каналына Дастин Порье менен Конор Макгрегордун боло турган үчүнчү беттешине арналган проморолик чыгарды.

Мушкерлер 11-июлда Лас-Вегаста өтө турган UFC 264 турниринде беттешет. Алардын октагондо жолугушуусу аталган иш-чаранын башкы окуясы болот.

Буга чейин Порье атаандашы Макрегор менен кармашуу үчүн титулдук беттештен баш тартканы анык болгон. Ал Хабиб Нурмагомедов кеткенден кийин бошогон жеңил салмактагы орун эле.

Кийинчерээк чемпиондук титулду бразилиялык Чарльз Оливейра атаандашы Майкл Чендлерди жыга коюп жеңип алган.

Дастин Порье менен Конор Макгрегордун биринчи кармашы 2014-жылы сентябрь айында болгон. Анда Макгрегор атаандашын биринчи раундда жеңип чыккан. Экинчи кармаш 2021-жылдын январында өтүп, Порье техникалык нокаут менен уткан эле.

64
Белгилер:
беттешүү, UFC, Конор Макгрегор, Дастин Порье
Тема боюнча
Жети секундда сулата чапты. UFC 263 мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
UFC Вегас 28 турнириндеги кызыктуу кармаштардын видеосу

Кылыч менен торт кескен Елизавета IIнин видеосу

123
(жаңыланган 11:14 14.06.2021)
Чоң жетиликтин башчыларынын кездешүүсүнүн урматына өткөн иш-чарада ханыша Елизавета II өз колу менен торт кести.

Улуу Британия ханышасы Елизавета II G7 саммитинин катышуучуларын тортту адаттагыдан башкача кесип таң калтырды. Иш-чара Корнуолл графтыгында болгон.

Видеодон Елизавета IIнин кылыч көтөрүп басып келе жатканын көрүүгө болот. Жакшылап караган киши ал салтанаттарда пайдаланчу кылыч экенин байкайт.

Бул иш-чара саммиттин башталышында Корнуоллдогу "Эдем долбоору" деп аталган ботаникалык бакчанын аймагында болгон. Ханышаны келиндери Камилла Паркер-Боулз жана Кэтрин Миддлтон коштоп жүргөн.

Елизавета II ал жерде тургандарды тамашасы менен жылмайткан. Ханышага тортту кескенге адаттагы эле бычак бар экенин айтышканда, "билем, бирок бул адаттагыдан башкачараак да" деп тамашалаган.

Ханыша азыр 95 жашта.

Чоң жетиликтин саммитинин ачылышы (G7) жума күнү Англиядагы Карбис-Бэй шаарында болгон.

123
Белгилер:
тамаша, торт, кылыч, Елизавета II, Улуу Британия
Тема боюнча
100 жашка чыккан. Ханыша Елизаветанын жубайы Филипп II көз жумду
Британия ханышасы Елизавета II Садыр Жапаровду куттуктады
Операция жасап жаткан дарыгерлер. Архив

Катардан дарыгерлер келип, кулагы начар уккан 29 балага операция жасайт

0
(жаңыланган 18:55 14.06.2021)
Катардык медиктер кыргызстандык кесиптештери менен бирге операция жасайт. Кеткен чыгымды толугу менен Катар мамлекети көтөрөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 23-июнь күнү Бишкекке Катар мамлекетинен жогорку квалификациялуу дарыгерлер келип, угуусу начар 29 балага акысыз операция жасап, өздөрү ала келген атайын импланттарды коюп беришет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту.

"Катардык медиктер кыргызстандык кесиптештери менен бирге операция жасайт. Элчинин айтымында, кеткен чыгымды толугу менен Катар мамлекети көтөрөт. Чет элдик дарыгерлер өздөрү менен чогуу угууну жакшырта турган 150 кохлеардык импланттарды ала келишет. Жыл аягына чейин 50 операция жасалып, калган аппараттар 2022-2023-жылдары пайдаланылат", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Зарыл болгон учурда Катар тарап дагы 50 имплант берүү маселесин карайт. Министр Бейшеналиев бул жардамы үчүн Катар өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

0
Белгилер:
бала, операция, дарыгер, Алымкадыр Бейшеналиев, Катар, Кыргызстан
Тема боюнча
16 жумалык түйүлдүктүн жүрөгүн текшерүүгө болот. Кардиолог Аматовдун маеги