Талкаланган үй жана көзүнө жаш алган кожойке – атайын операциядан кийинки кадрлар

Жазылуу
Бишкек шаарынын тургуну Раиса Василенконун үйү согушчандарды жок кылуу боюнча УКМКнын атайын операциясынан кийин күйүп кеткен.

Согушчандар турган үй Интерпол үчүн курулганын күбөлөр айтышты
Үйдүн болгон дубалдары эле калган. Василенконун үй-бүлөсү азырынча туугандарыныкында жашап жатат. Анын жети айлык боюнда бар. Ал өкмөт турак-жай маселесин чечип, келтирилген чыгымдарды төлөп берет деп ишенет.

Анын айтымында, алардан башка дагы беш үй-бүлө да ушундай эле акыбалда турушат.

Бейшемби күнү Бишкек шаарында контртеррористтик операция болуп, анын жыйынтыгында төрт согушчан жок кылынып, жети киши кармалганын УКМК билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0