Ислам мамлекети террордук уюмунун согушчандарын жок кылууда УКМК тарткан видео

Жазылуу
Согушчандарды кармоо учурунда алар куралдуу карышылык көрсөтүп, эки кабаттуу үйгө жашынышкан. Жети согушкер кармалып, төртөө жок кылынган.

Акча жана бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жок кылынган согушчандарга экс-депутат мылтык жана акча берген делинүүдө
Бейшемби күнү, 16-июлда Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде УКМКнын атайын операциясы менен эл аралык террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган. Согушчандарды кармоо учурунда алар куралдуу карышылык көрсөтүп, эки кабаттуу үйгө жашынышкан. Жети согушкер кармалып, төртөө жок кылынган.

УКМКнын маалыматына ылайык, атайын операциянын жыйынтыгында АК үлгүсүндөгү 6 автомат, 1 АКСУ, ПМ жана ТТ үлгүсүндөгү 5 тапанча, көп сандагы граната, ок-дарылар алынган.

Операция учурунда УКМКнын 4 кызматкери түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0