Бахрейнден келген ырчы Кыргызстанды бир көрүп эле жактырганын айтат

Жазылуу
"Мейкин Азия" фестивалынын катышуучусу Наталья Алегани Кыргызстанга болгон сүйүүсүн кыргыз тилинде билдирди.

Ал конкурска чакыруу алганына сүйүнүп, тумары жеңишке жетүүдө жардам берет деп ишенет.

"Кыргызстан, мен сени сүйөм! Мени ажайып кооз көлүңөргө чакырганыңар үчүн ыраазымын. Менин тумарым – орус аюусу силерге да салам айтат", — деди ал.

Эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы биринчи жолу 2013-жылы Ысык-Көлдөгү "Рух Ордо" маданий борборунда өткөн. Фестивалга алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден катышуучулар келет. Быйыл фестивалга катышуу үчүн 40тан ашык мамлекеттен арыз келип, анын ичинен 20 мамлекеттин өкүлдөрү тандалып алынган. Фестиваль 23-июлдан 25-июлга чейин өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0