Sputnik жашылча-жемиштердеги нитраттардын көлөмүн текшерди

Жазылуу
Дарбыз, коон, абрикостон нитраттардын кооптуу делген көлөмү чыкты, ал эми бадыраң менен алманы коркпой жей берсе болорун көрдүк.

БИШКЕК, 25-июль –Sputnik. Sputnik маалымат сайтынын кабарчылары азыркы тапта Бишкектин базарларында сатылып жаткан жашылча-жемиштердин канчасы жегенге жарактуу, кайсы түрүнөн азырынча баш тартып туруу керектигин аныктаганга аракет кылып көрдү. Базардан эки дарбыз, эки коон, абрикос, помидор жана шабдалынын ар кайсы түрлөрүн сатып алдык. Ал эми бадыраң менен алма өздүк бакчадан алып келинди. Жыйынтыгында, нитрат-тестер биздин колубуздагы жашылча-жемиштерде зыяндуу делген элементтер бир топ экендигин көрсөттү.

Бишкектин тургунунун огородундагы мөмөлөр кожоюндун эмгегин талаага кетирген жок, алманы жегенге коопсуз экендигин көрсөттү, б.а. ченемге ылайык деп эсептелген 60 мг/кг. өлчөмдөн да аз көрсөтүп, болгону 25 – 40 мг/кг. болуп чыкты. Негизи бадыраңдын ченеми 150 мг/кг. деп айтылып келсе, алардан 69 мг/кг. жана 102 мг/кг. болуп чыкты.

Күнгө куурулган жумуртка
Ал эми помидорлордо ар кандай болду. Ченеми 166 мг/кг. деп айтылса, ал 150нү көрсөттү. Башка түрүндө өтө кооптуулукту, б.а. 238 мг/ кг. көрсөткүчтү чапчыды.

Шабдалынын тышы сыймалак болгон түрүн текшерүү зыянсыз деп берди. Ченеми 60 мг /кг. болсо, иш жүзүндө бешке аз болду.

Тесттер нитраттардын зыяндуу кошулмаларын аныктады

Бишкектиктер тамшанып жеген дарбыз, коон, шабдалы менен өрүктү текшере келгенде көзүбүз чекчейди.

Дарбыз. Андагы зыяндуу деген кошулмалар ченем боюнча 60 мг/кг. болсо, биздин текшерүүдө июлдагы түшүмдөн эки эсе көп болуп чыгып, 162 мг/кг. жана 320 мг\кг. деп көрсөттү.

Коон. Бул жемиштики адатта 90 мг/кг.болушу керек, текшерүүдө нитраттар көрсөткүчү 235мг/кг. жана 164мг/кг. болуп чыкты.

Шабдалы. Норма 60 мг/кг. болсо, биздин текшерүү 84 мг/ кг. деп көрсөттү.

Абрикос. 134 мг/кг. болуп, нормадан эки эсе ашып кетти.

Sputnik бул жашылча-жемиштер күнүмдүк тиричиликте колдонгон тестт-аныктагычтар менен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан сырткары текшерилгендигин эске салат. Бул лабораториялардын расмий жыйынтыктыгы эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0