Маматалиев: чек арада кырдаал тынч, эл өз жашоосу менен алек

Жазылуу
Коопсуздук, коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-пермьер-министр Абдырахман Маматалиев кыргыз-тажик чек арасынын жанында чогулган кишилер жок жана абал тынч деп билдирди.

Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында жол ачылып, каналдан суу ага баштады
3-августта Баткен облусуна караштуу Көк-Таш айылынын тургундары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр-чатак болгон. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 120 чакты тажикстандык жана 80дей кыргыздар уруша кетип, таш менен чабышкан.

Маматалиевдин айтымында, чек аранын жанында чогулган кишилер жок, чек ара кызматы, ИИМдин атайын кызматтары окуя болгон жерде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0