(1:52 / 11.47Mb / )

Жол кайгуул кызматынын ак иштеген инспектору айлыкка кантип жашаса болорун айтты

810
(жаңыланган 11:35 11.08.2015)
Сакиев чынчылдыгынан тышкары абдан принциптүү киши. Ал жол эрежесин бузган киши кандай адам болбосун ага тийиштүү айып саларын кесиптештери айтат.

Sputnik маалымат агенттигине Бишкек шаардык ИИБдин Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Атыр Бекмурзаева кайрылып, Жол кайгуул кызматынын испекторлору арасында абдан чынчыл жана ак иштеген Бактыбек Сакиев тууралуу материал даярдоону сунуштады. 

33 жаштагы Бактыбек Жол кайгуул кызматында 2008-жылдан бери иштеп келет. Үч баласы менен туугандары убактылуу карап тур деп берген эки бөлмөлүү үйдө жашайт.

810
Белгилер:
Жол кайгуул кызматы, Бактыбек Сакиев, Атыр Бекмурзаева, Бишкек
Тема боюнча
ЕККУ эксперти: Жол кайгуул кызматы сынды туура кабыл алганды үйрөнүшү керек
Атамбаев жол кайгуул кызматынын кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоону тапшырганын айтты

Арстандар үйдү "ээлеп алганда". Түштүк Африкадан тартылган видео

41
Түштүк Африканын Худспрут шаарында жашаган жубайлар Дэвид жана Маришка Де Бир туугандарынын бош турган үйүнө көз салып коюу үчүн келип, арстандардын үйүрүнө туш болгон.

Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.

Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.

Жырткычтар эшикти акырын ачып кирип келе жаткан кишини алгач байкаган эмес. Качан гана кыймылды сезип калганда үркүп кетип, жапырт тура калышкан. Жубайлардын айтымында, айланчыктаган арстандар алгач дароо эле кетип калган эмес.

Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.

Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.

41
Белгилер:
арстан, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
Жыра тартып... Крокодилдердин олжосун илип кеткен бегемоттордун видеосу

Дача СУга кулаган учак. 39 кишинин өмүрүн алган авиакырсыктын айтыла элек сыры

354
(жаңыланган 12:26 16.01.2021)
Дача СУдагы авиакырсыктын көптөгөн майда-чүйдө, бирок маанилүү учурлары төрт жыл өткөндөн кийин белгилүү болду. Эл аралык авиация комитети каргашаны иликтөөнүн жыйынтыгын былтыркы жылдын май айында гана жарыялады.

Sputnik агенттиги даярдаган даректүү тасма кырсыктын себептерин иликтөө боюнча документтин негизинде даярдалды. Ал кырсык тууралуу көп жазылды, бирок табышмак бойдон калган нерселер али да арбын.

Көпчүлүк учактын кулашына учкучтар күнөөлүү экенин уккан. Бирок эмне себептен тажрыйбалуу учкучтар мындай ката кетиргенин биле беришпейт.

Ошондой эле каргашада 39 адам каза болгону айтылат. Алардын 35и жергиликтүү тургундар болсо, төртөө — экипаждын мүчөсү. Анда эмне үчүн эстелик ташка 40 адамдын ысымы чегилген. Атургай кээ бирөөлөр 43 кишинин өлгөнүн айтышат. Анда аты айтылбаган төрт киши ким?

Бул суроолорго Sputnik даярдаган даректүү тасмадан жооп аласыз. Эгер даректүү тасмага убактыңыз тар болсо, анда видеоинфографиканы көрүңүз.

354
Белгилер:
трагедия, видео, авиакырсык, Дача СУ
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери
Тема боюнча
Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби
Дача СУга кулаган учак. Каргашанын себеби айтылган отчёт чыкты
Бюллетеньдерди санап жаткан БШК кызматкери. Архив

Шайлоодогу добуштар кол менен саналып бүтүп, жыйынтыгы чыкты

57
(жаңыланган 13:50 16.01.2021)
Добуш берүүгө 3 563 574 шайлоочунун ичинен 1 401 726 жаран катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 39,33 пайызын түзөт.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын кол менен 100 пайызга санап бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтында көрсөтүлөт.

Кыргызстандын желегин жана конституциясын көтөрүп бараткан жоокерлер
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Анда 2474 шайлоо участкасындагы бюллетендер автоматтык санактан да, кол түрүндө эсептөөдөн да толугу менен өткөнү жазылат. Бир шайлоо участкасындагы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Добуш берүүгө 3 563 574 шайлоочунун ичинен 1 401 726 жаран катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 39,33 пайызын түзөт.

Натыйжада Садыр Жапаров добуштардын 79,23 пайызына ээ болуп алдыга озуп чыккан. Экинчи орунда Адахан Мадумаров 6,78 пайыз, үчүнчү орунда Бабыржан Төлбаев 2,36 пайыз менен турат.

57
Белгилер:
жыйынтык, шайлоо, Садыр Жапаров
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Садыр Жапаров премьерликтен качан кетиши керек? Өкмөттү кандай тагдыр күтөт
Президенттикке талапкерлер үчүн ар бир добуш канча сомго айланды