(0:35 / 4.02Mb / )

Атамбаев Тамчыдан Назарбаевди кучак жайып тосуп алды

206
(жаңыланган 11:29 13.08.2015)
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга иш сапары менен келди деп билдиришти КР президентинин маалымат кызматынан.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга жумушчу иш сапары менен келди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Казак президентинин учагы Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна келип конуп, аны  мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев тосуп алды. 

Эки өлкөнүн жетекчилери "Рух ордо" маданий борборунан телекөпүрө аркылуу ЕАЭБ алкагында "Ак Жол" көзөмөл өткөрүү жайында кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүн алып салуу салтанатына күбө болот.

Жумушчу сапардын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле мамлекет башчылары кыргыз-казак кызматташуусу боюнча актуалдуу маселелелерди талкуулайт.

206
Белгилер:
"Рух-Ордо" маданий борбору, Тамчы эл аралык аэропорту, Евразиялык экономикалык биримдик, Нурсултан Назарбаев, Алмазбек Атамбаев
Пикирлер