"Санта Барбарадагы" америкалык актерго кыргыз режиссеру улуттук кийим кийгизди

Жазылуу
Америкалык актер Лэйн Дэвисти кыргызстандыктар көп сериялуу "Санта Барбара" тасмасындагы каарман — Мэйсон катары билишет.

Дэвис Кыргызстанга жеке иштери менен келип, эски досу Болот Шамшиевге жолукту. Кыргыз режиссеру Дэвисти Ысык-Көлгө алып барып, эс алып келишти. Океандын ары жагына, мекенине аттанар алдында ага кыргыздардын салты боюнча үстүнө чапан жаап, башына ак калпак кийгизип узатышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0