(0:59 / 6.35Mb / )

Премьер-министр Сариев Алыкул акындын ырын көркөм окуп, Sputnik демилгесин улантты

1017
(жаңыланган 16:05 19.08.2015)
24-мартта Sputnik Кыргызстан эл аралык хабы Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуу боюнча белгилүү инсандардын катышуусундагы видеодолбоорду баштаган.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Өкмөт башчысы Темир Сариев кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун "Ким болсом" ырын окуп берди. 

"Премьер акындын ырын окуу демилгесин өзү көтөрүп, муну менен кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгын жогору бааларын дагы бир ирет көрсөттү", — деп билдирди эстафетага даярдык көрүү процесси туурасында айтып берген маалымат кызматы.

Акындын "Ким болсом" ыры мекенди бардык жамандыктан коргоого баш-оту менен кирип, анын жүгүн көтөрүүгө бет алган маанайда жазылган. 

24-мартта Sputnik Кыргызстан эл аралык хабы Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуу боюнча белгилүү инсандардын катышуусундагы видеодолбоорду баштаган.

Долбоордун алкагында Sputnik Кыргызстан сайтынын жамааты Осмоновдун ырын окуу кезегин кесиптеш журналисттерге социалдык тармактан узатышкан.

Ыр кесе уланып, Кыргызстандагы бир топ жалпыга маалымдоо каражаттары эстафетаны колдогон. Акыркы кезек президенттик аппаратка жетип, аларга ыр кезегин "5-канал" узаткан. 

1017
Белгилер:
Темир Сариев, Алыкул Осмонов, эстафета
Тема:
Кыргыз акыны Алыкул Осмоновго 100 жыл (29)

Бишкекте легендарлуу генерал Панфиловдун эстелиги алмаштырылды. Видео

117
Өнөркананын жетекчиси айкел эң жогорку сапаттагы материалдан жасалганын, эстелик кылымдар бою тураарын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелигинин так көчүрмөсү орнотулууда. Бетон эстеликтин ордуна колодон жасалган айкел коюлат. Ал Россия Федерациясынын Свердлов облусунда жасалып, кыргыз-орус маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Мэриядан билдиргендей, айкелдин узундугу тогуз метрди түзөт. Ал Иван Дубровин жетектеген өнөрканада айкелдин түп нускасынын негизинде куюлган. Цехтин башчысы Sputnik Кыргызстан агенттигине монумент эң жогорку сапаттагы материалдан жасалганын, ал эң аз дегенде миң жылга туруштук берерин айткан.

Панфиловдун биринчи эстелиги 1942-жылы архитектор В.Верюжский, скульпторлор О.Мануйлова, А.Мануйлов, Г.Фрих-Хар, М.Эпштейндин эмгеги менен тургузулган. Айкел жез күкүмдөрү аралашкан бетондон куюлуп, коло түстө сырдалган. Ал кошумча кызгылт гранит менен жасалгаланган.

Монументтин үч кырдуу тирөөч ташы Улуу Ата Мекендик согуштун эпизоддорун, 28 панфиловчунун эрдигин чагылдырган оймо сүрөттөр менен кооздолгон. Объект республикалык маанидеги искусство эстелиги катары бекитилген.

Эски эстелик калыбына келтирилип, Балыкчы шаарында Панфилов дивизиясы турган жерге орнотулду.

Бишкек мэриясы билдиргендей, жаңы айкелдин салтанаттуу ачылышын декабрь айынын башында Кыргызстан менен Россиянын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүү пландалып жатат.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Москванын жанында советтик аскерлердин фашисттик баскынчылар менен генерал Иван Панфиловдун башчылыгы астында кан кечип салгылашкан 316-аткычтар (8-гвардиялык) дивизиясынын аскерлери көрсөткөн эрдиктин 80 жылдыгына карата өткөрүлөт. Бул тарыхта чечүүчү согуш болгону айтылып келет.

117
Белгилер:
Бишкек, эстелик, Иван Панфилов
Тема боюнча
Панфиловдун жаңыланган эстелигин Бишкекке алып келе жатышат

Келечегибиз аныкталат! Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды. Видео

142
Өлкө башчы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берип, жарандарды ага активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.

Президент Бишкектин Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо участкасына жубайы Айгүл Жапарова менен келди.

Өлкө башчы келер алдында көйгөй жаралып, урна бюллетендерди кабыл албай жатты. Бирок бир аз убакыттан кийин мүчүлүштүк жоюлду.

Добуш берип бүткөн соң өлкө башчы элге кайрылды.

"Урматтуу кыргызстандыктар, бүгүн бизде Жогору Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси өтүп жатат. Ошондуктан бардык жарандарыбызды шайлоо процессине активдүү катышып берүүңүздөрдү суранам. Ар бириңиздердин берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Дагы бир жолу сиздерден суранып кетемин, шайлоого келип активдүү катышып бериңиздер", — деген Жапаров.

Президент андан кийин жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Кайра кечинде эле Бишкекке кайтып келмекчи.

142
Белгилер:
Садыр Жапаров, президент, шайлоо, добуш берүү
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси
Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова шайлоодо добуш беришти
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участкасында

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок! Иманкуловдун кайрылуусу

0
(жаңыланган 01:38 29.11.2021)
Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

0
Белгилер:
БШК, Марат Иманкулов, шайлоо, жыйынтык, кайрылуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди
Жогорку Кеңеш-2021 шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме