Чычканда чыккан өрттү өчүрүүгө жергиликтүү эл катышып жатат

Жазылуу
Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында чыккан өрттөн улам, аймакта Чукул кырдаал тартиби жарыяланды. Учурда ал жерде үч штаб иштеп, "Тез жардам" кызматы ар кандай кырдаалга даяр турат.

Чычканда үч штаб ачылып, "Тез жардам" кызматтары ар кандай кырдаалга даяр турат
Өрт 2015-жылдын 13-августу күнү саат 16:17 чамасында Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагындагы Чычкан капчыгайында Бишкек-Ош унаа жолунун 251-253-чакырым жерине тушташ бөлүгүндө башталган. Өрттү өчүрүүгө Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин эки тик учагы тартылмакчы. 

Шаршемби күнү, 19-августта өрттү өчүрүүгө 500 адам чыккан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ош — Бишкек жолу Чычкан капчыгайынын этегинде, ал эми эми өрт капчыгайдын төрүндө болуп жаткандыктан, жүргүнчүлөргө коркунуч жаратпай тургандыгын айтышты.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0