Куткаруучулар Чычканда өрттү жөө чыгып барып өчүрүшүүүдө

Жазылуу
Куткаруучулар менен жергиликтүү жашоочулар Чычкан капчыгайындагы өрттү кол менен өчүрүп жатат. Бейшемби күнү эртең менен Казакстандан авиатехника келиши керек эле.

Чычканда чыккан өрттү өчүрүүгө жергиликтүү эл катышып жатат
Бейшемби күнү ӨКМдин куткаруучулары Казакстандан өрттү өчүрүүгө жардам берет деген тик учактын келишин күтүп жатышат.

Өрт Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагындагы Чычкан капчыгайында 2015-жылдын 13-августунда саат 16:17 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 251-253-чакырымдарында башталган. Өрттү өчүрүүгө Казакстандын Өзгөчө кырдаал министринин тик учагы тартыла турган болгон. 

Бүгүн өрттү өчүрүүгө 700гө чукул адам чыкты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ош — Бишкек жолу Чычкан капчыгайынын этегинде, ал эми эми өрт капчыгайдын төрүндө болуп жаткандыктан жүргүнчүлөргө коркунуч жаратпай тургандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0