Он жыл мурун мыйзамсыз куюлган фундаментти мэрия түрттүрүп салды

Жазылуу
Ээси такталбаган курулушту түрттүрүп салууга шаар мэриясынын акысы бар.

Мэрия он жыл мурун мыйзамсыз куюлган фундаментти түрттүрүп салды
Мэрия Бишкек шаарындагы Ала-Тоо жаңы конушунда тиешелүү документтери жок 2005-жылы куюлган фундаментти түрттүрүп салды.

Мыйзамсыз куюлган фундаментти түрттүрүү ЖМКнын катышуусу менен шейшемби күнү болду. Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушу үчүн бекитилген жерге белгисиз адам өзүм билемдик менен фундамент куюп койгон. 2015-жылдын 14-августунда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан фундаментти түрттүрүп салуу чечими кабыл алынган.

Кыргызстандын Жарандык кодексине киргизилген кошумчаларга ылайык, мэрия ээси такталбаган курулушту түрттүрүп салууга акылуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0