(1:12 / 7.04Mb / )

Атамбаев: Кыргызстанды курмандыкка чалууга даяр саясатчылар да бар

175
(жаңыланган 20:26 01.09.2015)
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө арналган митингде дүйнөдөгү акыркы окуялардын негизинде улуттук коопсуздукту сактоо, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү башкы маселеге айланганын белгиледи.

"Бишкектеги Ислам мамлекетинин согушкерлерин жок кылуу өлкөнүн коопсуздугу кыл учунда экенин көрсөттү. Булардан тышкары, бийлик менен акча үчүн тынчтык жана Кыргызстандын элин курмандыкка чалууга даяр саясатчылар бар", — деди Атамбаев.

Анын айтымында, мурунку депутат террористтерди каржылап келген. Республикада андан башка да баарына даяр саясатчылар арбын.

175
Белгилер:
эгемендүүлүк, Ала-Тоо аянты, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)

Крымдан улам НАТО Россия армиясына тыюу салууга кыялданып келет

124
Йенс Столтенберг НАТО Россиянын кадамдарына карап, ага жооп иретинде Кара деңизге көбүрөөк күчүн жайгаштыра тургандыгын айтты. Бирок Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы аскердик блоктун күчтөрү Россиянын чек арасында эмне кылып жүргөндүгүн түшүндүргөн жок.

Андан сырткары, Россия эмне үчүн өзүнүн аймагын НАТО тараптан улам арбыган коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргобошу керек дегенге да жооп бере алган жок.

Акыркы учурда альянс тараптан Россия чек арасына жакын аймактарда көбөйүп кеткен агрессиялык аракеттер арбыгандыктан, Россия өзүнүн коопсуздугун камсыздаганга аргасыз.

124
Белгилер:
чагымчыл, чек ара, Крым, НАТО, Россия, АКШ
Тема боюнча
НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?
Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды

Россиянын чемпионатында балбандар мушташа кетти. Видео

402
(жаңыланган 10:50 04.12.2020)
Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Күрөш башталбай жатып бокска айланган.

Россиянын Смоленск шаарында эркин күрөш боюнча өткөн жаштар арасында өлкө чемпионатында Осетия менен Ингушетиянын балбандары мушташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Осетия жазды.

Ингуш балбаны Бабули Цолоев менен осетиялык Алан Багаев чейрек финалда кезиккен. Алардын кармашы башталбай жатып бокска айланган.

Мушташкандарды машыктыруучулар, аренанын кызматкерлери жана атайын даярдыктагы милиция токтотуп калган. Спорттук эрежелерди сактабаган эки балбан тең мелдештен четтетилген.

Кийинчерээк алар элдешип, социалдык тармактарга чогуу түшкөн сүрөттөрүн чыгарышканын Р-Спорт жазды.

402
Белгилер:
мушташ, балбан, Ингушетия, Россия, эркин күрөш
Тема боюнча
Казак футболчусу Улуттар лигасында оюн талаасынын ортосунан гол киргизди. Видео
Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео
Томографиядан бейтапты өткөргөн медиктер. Архивдик сүрөт

Коронавирус жуктуруп алгандар жана айыккандар. Соңку маалымат

0
(жаңыланган 11:38 05.12.2020)
Бүгүнкү статистикада илдетти илештирип алгандардын саны ооруканадан айыгып чыккандарга караганда аз.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 401 адам коронавирус жуктуруп алса, дарыланып жаткан 425 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Оору жуктургандар төмөнкү аймакта:

  • Бишкек - 99;
  • Ош - 20;
  • Чүй облусу – 133;
  • Ош облусу - 22;
  • Талас облусу - 15;
  • Нарын облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 45;
  • Жалал-Абад облусу – 39;
  • Баткен облусу - 26.

Айыккандар:

  • Бишкек – 124;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 102;
  • Ош облусу – 11;
  • Талас облусу – 16;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 40;
  • Жалал-Абад облусу – 60;
  • Баткен облусу – 53.

Ушуну менен пандемия башталгандан тарта оору илештирип алгандардын саны 74 774 болду. Анын 66 538и айыгып чыкты. 

0
Белгилер:
айыгуу, жуктуруу, оорукана, бейтап, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
ЖАМК: абактагы 100дөй адам коронавирус жуктуруп алган, каза болгондору да бар