Болочок офицерлер Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик гимнди аткарышты

Жазылуу
Куралдуу күчтөрдүн СССР Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары Кыргыз Республикасынын гимнин аткарышты.

Институттун жеке курам менен иштөө боюнча жетекчисинин орун басары Мусажан Урустемовдун айтымында, гимнди жалпы аткаруунун тарбиялык мааниси күч.

"Бул келечектеги офицерлерге кайрат-дем берип, атуулдук сезимин арттырат. Эгемендик күнүндө биз бардык кыргызстандыктарга өнүгүү жана ачык асман каалайбыз", — деди Урустемов.

Гимнди 200дөн ашуун курсант аткарган. Аталган иш-чараны кафедра башчысы полковник Нурбек Рыскулов, жеке курам менен иштөө боюнча жетекчинин орун басары, ага лейтенаттар Максат Тукуев жана Темирмалик Хасановдор уюштурганы белгилүү болду.

Эгемендик күнүн кайда, кантип майрамдаса болорун Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>  

КРдин Көз карандысыздык күнүнө арналган майрамдык салтанаттар
КРдин Көз карандысыздык күнүнө арналган майрамдык салтанаттар - Sputnik Кыргызстан
КРдин Көз карандысыздык күнүнө арналган майрамдык салтанаттар

Жаңылыктар түрмөгү
0