Баткенде жергиликтүү кошуун чек арачыларга көмөк көрсөтүп келет

Жазылуу
Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагындагы №22 Кара-Бак чек ара тозотунун чек арачыларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүп, кол кабыш кылып келет.

Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы чатактын алдын алуу боюнча иштеген топ Таласта түзүлдү
Баткен районун аймагында жайгашкан бул мамлекеттик чек ара Тажикстандын Исфара району менен чектешет. 

Республиканын башка аймактарынан кызмат өтөөгө келген чек арачыларга зарыл деп эсептелген жагдайларды түшүндүрүп, кээде чек ара тилкелерин ар бир метрине чейин көрсөтүү маанилүү иштердин бири.

Бул тууралуу айтып берген жергиликтүү кошуундун мүчөсү Халимжан Нуралиев аларга атайын ыйгарым укук берилгенин, бул чоң жоопкерчилик экендигин айтат. 

"Булар Кыргызстандын ар кайсы жерлеринен келгенден кийин Кара-Бактын жер шартын, чек ара тилкелерин анык билишпейт. Элдик кошуундун милдети чек арачыларга аларды көрсөтүп, тааныштыруу. Менталитетти, жергиликтүү эл менен мамиле кылууну түшүндүрүү. Бизге атайын күбөлүктөр берилген. Зарыл болуп калган учурда курал колдонууга укук берилген", — деди Нуралиев. 

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасы 971 чакырым болсо, азыр анын 560 чакырымдан ашууну такталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0