Ала-Тоо аянты. Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу митинг-реквиеми

Жазылуу
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнө салды.

Аны менен коштошуу зыйнаты Ала-Тоо аянтында өтүп, ага президент, премьер-министр баштаган мамлекеттик жетекчилер катышты.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Турдакун Усубалиев Кыргызстандын өнүгүшү үчүн зор эмгек жасаганын белгилеп, ал Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп турган убакта Бишкек шаары көрккүнө чыкканын кошумчалады.

"Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Турдакун Усубалиев Фрунзе шаарынын архитектору деп бекеринен атаган эмес. Анын учурунда борбор шаарыбыз көркүнө келип, кайра жаралды. Улуттук илимдер академиясынын, Ак үйдүн, драма театрлардын, Улуттук китепканынын, цирктин имараттары курулду", — деди өлкө башчысы.

Атамбаев өз сөзүндө Бишкек шаарынын ак мрамор менен кызыл гранитке оронгон борбордук аянты Турдакун Усубалиев кыргыз элине тартуулаган өзгөчө белеги экенин баса белгиледи.

Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинде 24 жыл бою биринчи катчы болуп иштеген Турдакун Усубалиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0