Кыргызстандык балбан ирандык спортчуга үстөмдүк кылып жатып аягында утулуп калды

Жазылуу
Эркин күрөш боюнча балбан Магомед Мусаев жарым финалга чыгуу үчүн мелдеште ирандык Аббас Тахандан утулуп калды.

Лас-Вегастагы жеңиш — Арсен Эралиев атаандашын ары-бери көтөрүп чаап, айласын кетирди
Дүйнө чемпионатына катышып жаткан кыргызстандык делегациянын маалыматы боюнча, жарым финал үчүн болгон беттеште Мусаев алгач 4:0 эсеби менен алдыга чыгып, мелдеш бүтөрүнө 23 секунд калганда утулуп калган. Аббас эсепти теңдеп тим болбостон, Мусаевди ныгыра берип жеңишке жетишкен.

98 килограмм салмак категориясында ат салышкан Мусаев беттешүүнүн жыйынтыгы менен Олимпиада оюндарына катышууга укук бере турган лицензиядан куру калды. Буга чейин ал кубалык Лейнс Кортин менен латыш Имантс Лагоскисти жеңип алган.

Күрөштүн үч түрү боюнча лицензия берүүчү дүйнө чемпионаты Лас-Вегаста 7-12-сентябрь күндөрү өтүп жатат. Ага 71 өлкөдөн келген балбандар катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0