Атамбаев милиционерлердин балдарына: балакайлар, силерге оюн аянтчасын куруп беребиз

Жазылуу
Президент жаңы курулган үйдүн алдындагы балдар аянтчасын курууга 300 миң сом тапшырды.

Президент Баткендеги милиция кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырат
Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Баткен шаарында укук коргоо кызматкерлери үчүн курулган 24 квартиралуу үйдү пайдаланууга берүү салтанатына катышты. 

Ал милиция кызматкеринин ар бирине батирдин ачкычын тапшырып жатып, жакшылыктарды каалады. 

Атамбаев бөбөктөргө жаңы курулган үйдүн алдындагы балдар аянтчасын курууга 300 миң сом тапшырды.

"Балакайлар, силерге серитфикат берип жатам. Бул байкеңер силерге түрдүү оюнчуктарды орнотуп берет", — деди жаңы бүткөн үйлөрдү алып жаткандардын балдарынын башын сылаган Атамбаев. 

Ал жаңы конуштуу болуп жаткан милиция кызматкерлеринин кубанычы менен тең ортоктош болгон бул күн ал үчүн да белек болгонун айтты.

"Бирөөлөрдүн үйүндө ижарада жашаш кандай кыйын экендигин жакшы билем. Ошондуктан мага да бул окуя абдан чоң кубаныч", — деди президент.

Мамлекет башчысы башталган долбоорлор жакшы жыйынтыктарды бере баштаганын белгиледи.

Президент милиция кызматкерлерин жаңы конушу менен куттуктап, бакыт-таалай, чың ден соолук жана узак өмүр каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0