Курман айтта кандай малды курмандыкка чалса болот?

Жазылуу
Курман айт жакындап келе жаткандыктан, Sputnik малымат агенттиги мал базарга барып, кандай мал курмандыкка чалынаары туурасында билип кайтты.

Бизге бул жаатта Бишкектеги казыяттын казысынын орун басары Алмамбет ажы Суеркулов айтып, көрсөтүп берди. Анын айтымында, курмандыкка кой, эчки, төө жана топозду чалса болот, ал эми мандеми бар мал жарабайт. 

"Көзү көрбөгөн, арык, аксак, же көк мээ болуп калган мал курмандыкка чалынбайт",— деди Алмамбет ажы.

Казыят өкүлү койдун кулагы шара тилик болсо, аны союуга боло тургандыгын кошумчалады. 

Малды түрүнө карата, кайсыл жаштан тарта курмандыкка чалуу боюнча да талаптар бар. 

"Эгерде козу бир жашка толбой, бирок көлөмдүү болсо, курмандыкка чалууга уруксат берилет. Ал эми башка малга келсек, эчки бир жаштан, уй, топоз эки жаштан, ал эми төө беш жаштан өйдө курмандыкка чалынат ", — деди Алмамбет ажы Суеркулов.

Анын айтымында, курмандыкка чалган малдын этин бей-бечараларга толугу менен таратылып берилет. Эгерде курмандык жасаган киши кааласа, союлган этти үчкө бөлүп, бирин өзүнө, экинчисин дос-тамырына, үчүнчүсүн муктаждарга таратып берсе болорун кошумчалады.

Учурда Бишкектеги мал базарларда койдун баасы 5000-7000 сомдун тегерегинде. Уй 35 миң сомдон өйдө бааланууда. 

Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы Курман айт 24-сентябрда болорун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0