Замир Сыргабаев: Монсон менен болгон беттештен кийин спорттук карьерамды аяктадым

Жазылуу
Бишкекте өткөн ММА JFC чемпиондугу үчүн кыргызстандык гладиатор Замирбек Сыргабаев менен америкалык Жефф Монсондун ортосунда “кылым кармашы” болуп, биздин спортчу атаандашын жеңип алды.

sh Kuch Fighting Championship (MMA JFC) өткөргөн турнирде ишемби күнү Замирбек Сыргабаев чемпион деп табылды. 

Журналисттер менен болгон маегинде, ал спорттук карьерасы менен коштошуп жаткандыгын, эми өзүн толугу менен машыктыруучулукка жана Кызыл-Кыядагы шаардык кеңештин депутаттык ишине арнаарын айтты. 

"Мен үчүн беттеш – спортчу катары да, машыктыруучу катары да чоң жетишкендик болду. Кечээ менин шакирттерим чыгып беттешти. Алардын ишенимдүү, татыктуу мушташаарынан шек санаган жокмун", — деди Сыргабаев.

 Сыргабаев — самбо, ММА, бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, панкратион боюнча Евразия чемпиону, аны менен кошо эле Кыргызстандын панкратион боюнча абсолюттук чемпиону. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты.

Жаңылыктар түрмөгү
0