Оштогу самсы жасоонун сырлары

Жазылуу
Тандырга бышкан самсы бир гана Ош шаарында эмес, республиканын бардык аймагына белгилүү. Бирок аны бардык жерде эле ойдогудай жасай алышпайт.

Күнгө куурулган жумуртка
Ош жергесинде самсынын бир нече түрү бар. Алардын көбү биз көнүп калган үч бурчтук формасында эмес, тоголок болот. Тандырга аны жалаң эркектер жабат. Самсы жасоо да чоң күчтү талап кылат. Катуу жуурулган камырды карылуу колдор гана жая алат.

Самсынын ичине эт, пияз, түрдүү татымдар жана, эң башкысы, куйрук май салынат. Тандырга пахтанын куурайларын жагып, ал даяр болгондо самсылар төмөндөн жогору карай жабышатт. Тандырдын түзүлүшүнө жараша, анын ичине башыңан белиңе чейин кирүүгө туура келет. Тандырдын ичиндеги ысык 400 градуска жетип, 100-120 самсы батат.

Чоң самсылардын салмагы орто эсеп менен 600-700 граммга чейин жетет. Самсылар "таттуу" жана "ачуу" деп бөлүнөт. Ачуу самсынын ичине кызыл калемпир кошуп, үстүнө күнжүт сээп белгилеп коюшат.

Тандырга бышкан чоң самсылар "шорпо самсы" деп аталып, аны тандырга жабышкан жагын тегерете кесип ачып, анан жешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0