Кыргызча катыра сүйлөгөн чет элдиктер

Жазылуу
23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылдын дал ушул күнү кыргыз тилине мамлекеттик статус берилген. Арадан 26 жыл өттү.

Эне тил күнүнө карата Кыргызстанда жашап, окуп жүргөн чет элдиктерди кепке тарттык. Алардын көбү кыргызчаны оңой эле үйрөнгөнүн айтып, бул жактан кыргыз курбуларды күткөндөрүн белгилешти. Арасында кыргызча созолонто ырдагандары да бар. Андан тышкары кыргызча макал-лакаптарды, табышмактарды да билишет.

Алардын айтымында, аракет кылса эле тилди тез өздөштүрүп, сүйлөп кетсе болот. Болгону эрк керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0