ТЭЦтеги түтүктү жардыруу кандайча жүргүзүлдү

Жазылуу
ТЭЦти реконструкциялоонун алкагында 100 метрлик №1 түтүк жардырылды. Түтүктү жардыруу муктаждыгы мордун керектен чыккандыгынан улам пайда болгон.

ТЭЦте №1 түтүк жардырылды
"Электр станциялары" ишканасынын маалыматы боюнча түтүк темир бетондон куюлуп, ичи кыш менен кыналган. I жана II кезектеги агрегаттарды тейлөөчү түтүктүн диаметри 10,45 метр, ал эми ички диаметри 5,1 метрди түзгөн.

Ишкана 1959-жылы салынган түтүк бийик болгондуктан, аны кулатуу кыйынга турганын белгилейт. Жардыруу иштери үчүн ТЭЦтин аймагы курчоого алынып, бардык жумушчулар коопсуз жерге которулган. Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги уруксат берген жардыруунун айлана-чөйрөгө таасири тийиштүү чектен ашкан эмес.


Жаңылыктар түрмөгү
0