Атамбаев түндүк-түштүктү бириктирип турган жаңы тоннелдин курулушун көрдү

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Түндүк-Түштүк жолун бириктире турган автожол өтүүчү "Көгарт" ашуусунда салынып жаткан тоннелдин курулушу менен таанышты.

Президентке жолдун курулушу тууралуу маалымат берген транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев, анын узундугу 3750 метр, ал эми туурасы 10 метр экендигин айтты. 

Тоннель Тогуз-Торо менен Сузак районундорунун аймагында деңиз деңгээлинен 2511 метр бийиктике жайгашып, Фергана тоо кыркаларында түндүк-түштүк жолун бириктирип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0