(1:04 / 6.86Mb / )

Мекенге кызмат кылам милиция кызматкерлерине Атамбаев үйдүн ачкычтарын тапшырууда

94
(жаңыланган 10:05 04.10.2015)
Президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин 180 кызматкерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирет.

Көк-Жар жаңы конушунда 180 батирлүү тогуз кабаттуу эки турак жайдын курулушу 2014-жылы башталып, ага жалпы жонунан 258 миллион сом жумшалган.

Президент өз сөзүндө укук коргоо кызматкерлери үчүн үй куруу иштери келерки жылы да улантыларын белгиледи. 

"Жакын Беловодское айылында бир үйдү пайдаланууга беребиз. Андан кийин Ош шаарында дагы 60 милиция кызматкерин жаңы турак жайдын ачкычын тапшырабыз", — деди өлкө башчы. 

Милиция кызматкерлерине ден соолук, кажыбас кайрат каалап, өлкө башчы ички иштер министри Мелис Турганбаевге балдар аянтчасын куруу үчүн 300 миң сом берди.

94
Белгилер:
ачкыч, үй, президент, милиция, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Президент Баткендеги милиция кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырат
Милициянын 180 кызматкери Көк-Жар конушунан үйлүү болду

Тактаны чачырата тепти. Асман менен баскан балдардын кызыктуу видеосу

133
(жаңыланган 20:29 20.06.2021)
АКШ менен Түштүк Кореянын тхэквондочуларынан куралган топ популярдуу болгон America"s Got Talent сынагынын көрүүчүлөрү менен калыстарын абдан таасирлентти.

Алардын суктанткан номери YouTube каналга жүктөлгөн. 

Аталган балдар-кыздар Олимпиадага чакырылып, бирок коронавирустун айынан болгон өзгөрүүлөрдөн улам ага катыша албай калганы айтылган. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катыша албай калган спортчулар азыркы сынакка катышып көрүүнү чечкен.

"Бизди Олимпиадага чакырышкан, бирок пандемиядан улам оюнду өткөрүү мөөнөтү жылып кетип, ага катышууга мүмкүнчүлүк болбой калды", — деген топтун лидери.

Эки өлкөнүн таланттуу, шамдагай спортчуларынын бул шоу-номери көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Алардын бир нече метр бийиктикке секирип баратып, жолунан кездешкен такталарды бир нече бөлүккө чачырата тепкенин көрүүгө болот.

Андан сырткары балдар-кыздар кызыктуу бийлерди, акробаттык чеберчиликтерин көрсөткөн.

Спортчулардын талантына таасирленген калыстар тобунун мүчөсү, теле алып баруучу Терри Крюс дароо эле финалга жолдомо берген алтын баскычты басып, залды да, тхэквондочуларды да бактылуу кылган.

America's Got Talent — теледолбоору ар кыл таланттарды өзүнө чакырган кызыктуу шоу. Анын байге фонду миллион доллар.

133
Тема боюнча
Укмуш номер болуптур! Атайдын бий тобу Кытайдагы сынакта финалга чыкты. Видео

Сүзүп бара жатып уктаган акуланын видеосу

131
(жаңыланган 17:30 20.06.2021)
Ак акула кыймылын токтотпой, ылдамдыгын өтө да жайлатпай, сууда сүзгөн тейде уктап бара жатат. Жырткыч балыктын мындай видеосу интернет аймагында сейрек кездешет.

"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, ак акула бир нече чакырым жолду басып өткөндөн кийин уктап, бирок сүзгөнүн токтоткон эмес.

Суунун алдындагы дүйнөнү изилдеген адистер ургаачы акуланын сүзүп бара жатып эле "тук этип" алганын Кариб аралдарынын аймагынан камерага тартып алышкан.

Видео Discovery каналына Shark Week программасынын алкагында жасалган.

"Балык уктап жатканда да сүзгөнүн токтоткон эмес. Эгерде бир азга эле токтосо, суу анын бакалоорунан өтпөй, дем ала албай калмак", — деп жазылган маалыматта.

Акула уктап бара жатканда саатына 23 чакырым ылдамдык менен сүзгөн. ScienceAlert кадимкидей эле токтоп, бир орунда турган акулалар бар экендигин, бирок бул түрү андайларга кирбей тургандыгын жазган.

Ак акула жер бетинде жырткыч балыктардын эң чоңу. Эркектеринин узундугу болжол менен 4,6-4,8 метрге жетет. Алар орточо эсептегенде 27 жылга чейин жашайт. Аталган жаныбарлар жок болуп бара жаткандардын катарына кирет. Учурда биздин планетада алардын 3500гө гана жакыны калганы айтылып келет.

131
Белгилер:
уйку, жырткыч, акула
Тема боюнча
Окуусун таштап кино тартууга качкан студент. Актёр Чоро Думанаев жөнүндө 6 факты
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы