Россиянын борбордук жогорку окуу жайында кыргыз тили окутулуп баштады

Жазылуу
Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Африка институтунда кыргыз тили окутулуп баштады. Чет элдик студенттерге кыргыздын тилин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттинин бүтүрүүчүсү, аталган окуу жайдын мурдагы окутуучусу Жеңишгүл Хулхачиева үйрөтөт.

Мугалим андан сырткары Москванын мамлекеттик университети жана Москва лингвистикалык университетинде иштейт.

Россиянын борборунда кыргыз тилинин окутулуп жатышы боюнча маалымат берген Хулхачиева башкысы, балдарды аракети экендигин айтат.

"Азыр болгону үч жума гана сабак өттүк. Тилди үйрөнүүгө болгон балдардын аракети, кызыгуусу бар. Эми мындан ары алар үчүн жеңил болот. Көп убакыттан бери кыргыз тили Россияда таптакыр окутулган эмес. Акыркы жылдары кыргыз тилин үйрөнүүгө жана аны үйрөтүүгө болгон кызыгуулар көбөйдү. Азыр кыргыз тили бир нече университетте окутулат",— деди.

Мындан сырткары студенттер кыргыз адабиятынын классиктеринин чыгармалары менен таанышып, Кыргызстандын тарыхын жана географиясын окушат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0