(0:51 / 5.06Mb / )

Каракол шаарындагы 3147 шайлоо участогунда добуш берүү 15 мүнөткө кеч башталды

45
(жаңыланган 14:23 04.10.2015)
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы № 3147 шайлоо участогунда добуш берүү атайын техниканын бузуктугунан улам кеч башталды деп билдирди Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысы.

Каракол шаарындагы № 3147 шайлоо участогунда добуш берүү 15 мүнөткө кеч башталды.

Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы № 3147 шайлоо участогунда добуш берүү атайын техниканын бузуктугунан улам  кеч башталды деп билдирди Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысы.

"Техникалык мүчүлүштүктөрдү жөнгө салгычакты, шайлоочуларга 15 мүнөттөй күткөнгө туура келди. Калган шайлоо участокторунда добуш берүү өз убагында башталды. Добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгү кадимкидей байкалып турат",— деп билдирди кабарчы.

Ал Каракол шаарында 20 миңден ашуун жарандын шайлоого катышууга укугу бар экендигин, ал эми Ысык-Көл облусу боюнча жалпысы 240 миң шайлоочу катталгандыгын билдирди.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, облус боюнча 240 шайлоо участоктору ачылган. Тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында укук коргоо органдары иш алып барып, аларга элдик кошуундардын мүчөлөрү жардам берүүдө.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

 

45
Белгилер:
Ысык-Көл, Каракол, Жогорку Кеңешке шайлоо, шайлоочу, добуш берүү
Тема:
Парламенттик шайлоо 2015 (146)
Тема боюнча
Ош милициясы саат сайын бардык шайлоо участокторунан маалымат алып турат
Премьер-министр кыргызстандыктарды шайлоо күнү менен куттуктады

Нидерландда футбол фанаттары турган трибуна оюн учурунда урап түштү. Видео

64
(жаңыланган 12:17 18.10.2021)
Конокко барган команда жеңишти белгилөө үчүн фанаттары турган жакка келишкен. Алар ийгиликке секирип кубанып жаткан учурда трибуна урап түшкөн.

Нидерланддын Неймеген шаарындагы стадиондун трибунасы күйөрмандары менен кошо урап түштү.

Окуя өлкө чемпионатынын тогузунчу турундагы оюндун аягында болгон. "Витесс" клубу жергиликтүү НЕК менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Беттештен соң жеңишти белгилөө үчүн футболчулар фанаттары турган трибунага келишкен. Күйөрмандар ийгиликке кубанып секирип жаткан учурда конструкция салмакты көтөрө албай урап түшкөн.

Кырсыктан эч ким жапа чеккен эмес. Кыйроого карабай "Витесстин" фанаттары майрамдоосун улантышкан.

Маалым болгондой, "Де Гофферт" стадиону 1939-жылдын 8-июлунда ачылып, 12 500 кишиге ылайыкташкан. Арена 2000-жылдын аягында заманга бап оңдолуп, 25-январда экинчи расмий ачылышы болгон.

64
Белгилер:
Голландия, стадион, трибуна, Кыйроо
Тема боюнча
Ошто көмүр жүктөлгөн унаа өтүп бара жаткан көпүрө урап түштү. Видео
Күйөрмандардын стадиондун үстүнөн кулаган мышыкты сактап калган кызыктуу видеосу

Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо

117
UFC Russia YouTube каналы уюмдун Лас-Вегаста өткөн соңку турниринин эң мыкты учурларын чыгарды. Мушкерлердин кечеси кечээ (Бишкек убактысы боюнча таңда) өттү.

Кеченин башкы беттешинде америкалык спортчу кыздар Аспен Лэдд менен бразилиялык Норма Дюмонт кезикти. Жыйынтыгында Дюмонт калыстардын чечими менен утту.

Кеченин дагы бир башкы беттешинде беларустук Андрей Орловский дагы бразилиялык Карлос Фелипти калыстардын чечими менен жеңди.

Ошондой эле башкы карддын алкагында Жим Миллер Эрик Гонсалести нокаутка кетирсе, Манон Фиоро Майру Буэно Сильваны калыстардын чечими менен, ал эми Нейт Ландвер Людовит Клейнаны колду кайруу ыкмасынын жардамы менен утту.

117
Белгилер:
Лас-Вегас, UFC, беттешүү, кармаш, турнир, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

0
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова соттолгон адамдар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомго аралаша албай кыйналарын айтты.

Коомдо соттолгон кишилерге чочулоо менен караган көз караш бар. Аларга ишеним да төмөн. Бул тууралуу Тахмина Талгатова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

Анын айтымында, жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин бул адамдар өздөрүн жалгыз сезип кыйналышат.

"Пробация департаменти жеңил кылмыш жасаган мыйзам бузуучулар менен иш алып барат. Көбүнесе уурулук, каракчылык, бирөө менен мушташа кетип түрмөгө түшкөн инсандар — биздин кардарларыбыз. Алар менен психологдор тынбай иштешип турабыз. Мындай кылмышкерлердин көбү жаза мөөнөтү бүткөн соң кайра коомго аралашуудан чочулашат. Баары бир мага эч ким ишенбейт деген пикирде болуп, адамдардан оолактап жалгыз жүрүп калышат. Мындай учурда анын чөйрөсү эң чоң көмөк көрсөтө алат. Алар бул кишини өзүнө тартып, баарлашып, майда-барат иштерде деле ишеним көрсөтүп турушса ачылып сүйлөшүшөт. Соттолуп чыккан адам жардам сураган учурда болушунча баш тартпаганга аракет кылыш керек. Анткени алардын кимдир бирөөдөн көмөк сурап кайрылганы дагы өзүнчө жеңиш, — деди Талгатова.

Психолог бул боюнча коомчулукта да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарылдыгын кошумчалды.

0
Белгилер:
психология, психолог, кылмышкер, коом, Тахмина Талгатова
Тема боюнча
Зарылбек уулу: пробация кардарлары дээрлик кайра кылмышка барбайт