Нарын облусундагы №4164 шайлоо участогунда автоматтык урналар жарым сааттай бузулду

Жазылуу
Нарын облусундагы №4164 шайлоо участогуна коюлган автоматтык урналар жарым сааттай бузулуп, андан кийин гана иштеп баштаганын шайлоочулар билдирди.

Урналар өтө сезгич болгондуктан, кыймылдап кетсе эле, иштебей калып жатканын кошумчалашты. Андыктан урналарды кыймылдабаган катуу жерге коюшкан. Автоматтык урнаны өчүрүп күйгүзгөндөн кийин ал иштеп баштаган.

Бүгүн өлкө аймагында парламенттик шайлоо өтүп, анда 14 саясий партия ат салышты.

Эртең менеки саат 8.00дө ачылган шайлоо участкалары  кечки саат сегизде жабылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0