Кара-Кечедеги ТЭЦ. 40 миң жумушчу орду. Өкмөттүн олуттуу пландары

Жазылуу
Кара-Кече кенин иштетүү боюнча тендер өткөрүү тууралуу өкмөт азыр документтерди даярдап жатканын премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Ага ылайык, Кара-Кече кенине кубаттуулугу 1200 мегаватт болгон ири ТЭЦ, Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин темир жолу салынат.

"Буга кызыкдар компаниялар бар. Эгер быйыл тендер өтүп, иш жүрө турган болсо, ал жакта 10 миң жумушчу орду пайда болот. Ал эми кошумча кызмат көрсөткөндөрдү кошкондо иш оурндарынын саны 30-40 миңге жетет", — деди Сариев.

Эгер өкмөт пландаган ТЭЦ курулуп калса, анын кубаттуулугу Токтогул ГЭСине барабар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0