(2:56 / 17.78Mb / )

"Таштандыны туура эмес ыргыт" эксперименти шаардыктардын кыжырын кайнатты

613
(жаңыланган 16:04 08.10.2015)
Биздин актер таштандыны таштанды челекке туура салбай, шаарды булгады. 21 учурдун ичинен болгону бир гана киши эскертүү берип, эки киши гана анын таштандысын алып таштанды челекке салды.

Бишкекте "Таштандыны туура эмес ыргыт" деген социалдык эксперимент жүргүздүк.

Sputnik агенттигинин корреспонденти таштандыны туура эмес таштаган кишиге шаардыктар кандай мамиле кыла турганын билип көрүүгө аракет кылды.

Биздин актер Каныбек Бейшенбеков 21 жолу таштандыгы таштанды челегине эмес, анын жанына ыргытты. 21 учурдун ичинен болгону бир гана киши эскертүү берип, эки киши анын таштандысын алып таштанды челекке салды.

Капысынан биздин экспериментке катышкандардын 14 пайызы шаардын шалтакташына каршы экенин билдирди.

Аталган эксперимент 7-октябрда шаардагы Эркиндик проспектисинде тартылды.

613
Белгилер:
тазалоо, таштанды, эксперимент, Бишкек
Тема:
Sputnik жүргүзгөн социалдык эксперименттер (22)
Тема боюнча
Бишкекте азиз киши капчыгын түшүрүп алганда, көзү көргөндөрдүн мамилесине таңгаласыз

Эртең мененки жана күндүзгү Бишкектин чочуткан көрүнүшү. Видео

238
(жаңыланган 18:26 01.12.2020)
Бишкекти эртең менен жана күндүз видеого тарттык. Алардын айырмасы кишини чочутпай койбойт. Үч саат ичине борбор калааны коюу ыш басып каларына күбө болдук.

Эртең менен аба салыштырмалуу таза болуп, күндүз кадимкидей булгана баштаганын байкоого болот. Абадагы кир нормадан ашып кеткендиги, ал эми кечинде абал андан да начарлаары алаканга салгандай ачык болуп турат.

Бишкекти ыштан арылтуу үчүн майнаптуу ыкмалар табыла элек болгондуктан, шаардыктар өтө кирдеген аба менен дем алып, жашоосун улантууда.

Мэрия шаардыктарга кайрылып, көчөгө чыгар алдында абаны текшерип алууга, мүмкүн болушунча көчөдө көп жүрбөөнү айткан.

Абанын канчалык деңгээлде булгангандыгын MoveGreen жана AirKaz.org деп аталган экологиялык кыймылдын сайттарынан текшерип алууга болот.

Аба эмнеден булганып жатат?

Анын негизги себептеринин бири шаардын тегерегиндеги конуштарда массалык түрдө от жагуу, автоунаалар бөлүп чыгарган түтүн жана ЖЭБдин түтүнү менен ышы.

238
Белгилер:
аба, экология, кыш, Бишкек
Тема боюнча
Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү

АКШ Афганистанда 10 аскер базасын жапты. Өлкөнү талибдерге салып бердиби?

124
(жаңыланган 13:22 01.12.2020)
АКШ менен "Талибан" кыймылы тарыхый тынчтык макулдашуусуна 2020-жылдын февралында кол койгону белгилүү.

АКШ "Талибан" кыймылы менен кол койгондон тарта Афганистанда кеминде 10 аскер базасын жапты. Бул туурасында The Washington Post басылмасы атын айткысы келбеген америкалык, афганистандык аткаминерлерге таянып билдирди.

Маалыматка караганда, Афганистандын дал тынчыбаган жерлериндеги базалар жабылганы айтылат.

АКШ менен "Талибан" кыймылы тарыхый тынчтык макулдашуусуна 2020-жылдын февралында кол койгон. Анын бир шартында америкалыктар документке кол койгондон тарта 14 ай ичинде Афганистандан аскерлерин алып чыгып кетиши керек эле.

Буга чейин президент Дональд Трамп АКШ Афганистандагы аскерлеринин санын бир топ кыскартарын айткан. Расмий адамдардын билдирүүсүнө караганда, январдын ортолорунда алар 5000ден 2500гө чейин азаймак.

124
Белгилер:
аскердик база, Талибан, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
Афганистанда кызмат өтөп келген 9 австралиялык аскер жанын кыйды
Аалам аңтарылчудай... Афганистанда куралданган талибдер, кетип жаткан америкалыктар
Кыргыз-кытай чек арасындагы Эркечтам өткөрүү пункту. Архив

Кытай 3-декабрдан тарта Кыргызстанга көбүрөөк жүк ташууга уруксат берди

52
(жаңыланган 22:55 01.12.2020)
Кытай эртеңден баштап жүк ташыган автоунаалардын санын болжол менен суткасына 30га чейин көбөйтүүгө даяр. Каттамдар күн сайын жүргүзүлүп турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң Эркечтам жана Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду

Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган. Анын жыйынтыгы менен кытай тарап жумуш убактысын 8ден 12 саатка чейин көбөйтүү, ошондой эле өткөрмө пунктун дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштаган.

"Жүк ташыган автоунаалардын саны болжол менен суткасына 30га көбөйөт. Элчи "Эркечтам" өткөрмө пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын кабарлады", — деп айтылат маалыматта.

Новиков маселе ыкчам чечилгени үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз өкмөтү кытай тараптын көзөмөл-өткөрүү пунктуларын жакшыртуу максатында кабыл алынып жаткан бардык аракеттерин колдоого алууга даяр экендигин белгилеген.

Жыйынтыгында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына өткөрмө бекеттерди кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

52
Белгилер:
автоунаа, пункт, өткөрмө, Кыргызстан, Кытай
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети убактылуу жабылды
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды