Гимн менен айгайлаган сүрөөн — кыргызстандык күйөрмандар оюн учурунда

Жазылуу
Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өткөн Кыргызстан менен Тажикстан командаларынын беттешүүсү тең эсеп менен аяктады. Стадионго 17 миң 600 адам чогулган. Жергиликтүү команданын күйөрмандары оюн бүткүчө кыргыз футболчуларын сүрөөнгө алып турушту.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Борбордук Азиядагы илгертен бери атаандаш болуп келген командалардын беттешүүсү 2:2 эсеби менен аяктады.

Оюндун жүрүшүндө. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан – Тажикстан беттеши. Оюн учурунан кызыктуу көз ирмем
Кыргызстандык команда үчүн тажик дарбазасына топту сегизинчи мүнөттө Бахтияр Дүйшөбеков киргизди. Дагы бир голдун ээси экинчи таймга кошумча берилген убакыттын акыркы мүнөтүндө Антон Землянухин болду.

Ал эми тажик командасынан Жахонгир Жалилов менен Фарход Восиев 65- мүнөттө жана 71-мүнөттө гол топ киргизип өзгөчөлөн алышты.

"В" тайпасындагы параллелдин оюнда Иорданиянын командасы австралиялыктарды 2:0 эсеби менен утуп, 10 упай менен биринчиликке чыкты. Төрт оюндун жыйынтыгында Австралия командасы тогуз упай менен экинчи орунда. Кыргызстандын курама командасы беш упай менен үчүнчүлүгүн сактап келе жатат. Андан кийин эки упай топтогон Тажикстан менен куржунуна бир упай салган Бангладеш тизменин акырында.

Кыргызстандын командасы 13-октябрь күнү Бангладештин футболчулары менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0