Футболдогу жеңишке кубанган күйөрмандар барабан уруп, кыйкырып, желектерди булгалашты

Жазылуу
Кечээ Бишкек шаарында 2018-жылы өтүүчү Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагындагы Кыргызстан менен Бангладештин курама командалары беттешти. Оюн жыйынтыгы кыргызстандыктардын пайдасына чечилип, 2:0 менен аяктады.

Күйөрмандар оюндун жүрүшүндө башынан –аягына чейин өздөрүнүн командасын сүрөп турду. Футболчуларды өкмөт башчысы Темир Сариев матчтан кийин трибунадан туруп куттуктады. Оюнчулар премьер менен жолугуп жаткан учурда, командалардын машыктыруучулары журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, ал эми күйөрмандар эшикте кыйкырык-сүрөөн менен майрамдап жатышты. 

Премьер кыргызстандык футболчулардын жеңиши үчүн ыраазычылык билдирди
Көйрмандар барабан уруп, кубанычтуу кыйкырып, ураандарды көтөрүп, желектерди булгалашты. Мындай маанай менен алар футболчулар отурган автобустун стадиондон чыгышын күтүп турушту. Ал эми коомдук тартипти милиция көзөмөлгө алды. 

Ал эми жалы картина боюнча маалыматтар төмөнкүдөй. Беш беттешүүдөн кийин Иордания 13 упай топтоду. Экинчи орунда австралиялыктар тогуз упай менен келе жатат, бирок, алардын запаста бир оюну бар. Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда турат. Эки упай менен Тажикстан төртүнчү орунда жана бир упайы менен Бангладеш акыркы сапта. 

Кыргызстандын келерки оюну 21-ноябрда Австралияда болот. 

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюндары 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0