Премьер кыргызстандык футболчулардын жеңиши үчүн ыраазычылык билдирди

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын 2018-жылы Дүйнөлүк чемпионатка карата тандоо оюндарында Бангладеш менен болгон беттешүүдөгү жеңиши үчүн куттуктады.

Оюн кечээ Бишкек шаарында өтүп, оюн Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктап, жыйынтык 2:0 болду. Өкмөт башчысы спортчулардын кийим алмаштыруучу жайына кирип, алардын мыкты ойногондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бүгүн татыктуу беттешүүнү көрсөттүңүздөр. Күйөрмандар оюндан ушундай сонун ырахат алышты. Мындан аркы тандоо оюндарында да ийгилик жаратасыздар деп ишенем",— деди премьер.

Сариев аларга 200 миң сом бөлүп берүүнү убада кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0