Тумандагы милиция жана ботаникалык бак — Бишкекте түрмөдөн качып чыккандар изделүүдө

Жазылуу
Шаршемби күнү эртең менен милицияга Курманжан датка көчөсүн бойлой жайгашкан Ботаникалык бактын аймагында түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлер жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

ИИМ: милиция түрмөдөн качкан кылмышкерлерди Ботаникалык бактын айланасынан издөөдө
Аталган аймакка дароо ИИМдин ыкчам аракеттеги бөлүк кызматкерлери жана кинологдор келишкен. Алардын ишине туман жолтоо болууда.

Буга чейин социалдык тармактарда аталган аймакта атышуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. ИИМ муну четке каккан

Дүйшөмбүгө караган түнү №50 түрмөдө отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Атайын операция учурунда алардын  бешөөнү кармап, төртөө изин жашырганга үлгүргөн. Учурда алар изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0