Түрмөдөн качкан Данияр Кадыралиевди жок кылуудан кийин тартылган оперативдүү тасма

Жазылуу
Түрмөдөн качкандардын бирөө Данияр Кадыралиев "Дордой-1" жаңы конушунан кармоо учурунда жок кылынганын ИИМ билдирди.

ИИМ: өлтүрүлгөн кылмышкер Данияр Кадыралиев экени такталды
Учурда милиция "Энесай" жаңы конушунун аймагын тинтип, калган кылмышкерлерди издөөдө.

Дүйшөмбү күнү №50 түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыгып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылышкан. Жаракат алган офицер операциядан кийин ооруканада каза болду

ИИМ качып жүргөн кылмышкерлердин жашынган жери тууралуу маалымат берүүнү элден суранат. Мындай маалымат берген жарандар үчүн УКМК 300 миң сом сыйлык бере турганын да билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0