"Дордой-1" жаңы конушунда шаардык милиция түрмөдөн качкан кылмышкер жок кылынган аймакты түнү бою, бир жарым сааттан кезектешип кайтарып чыкты.
12-октябрга караган түнү №50 түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыгып, ал жердеги Жаза аткаруу кызматынын үч кызматкерин өлтүрүп, бирин оор жарадар кылып кетишкен. Оор жаракат алган Абылгазиев 15-октябрдын түнүндө кайтыш болду, кичи мекени — Нарынга сөөгүн жөнөтүлдү.Кандуу окуя башталып, кылмышкерлер качкандан кийин "Перехват" планы жарыяланат. Алар түрмөдөн чыккандан кийин Бишкекке багыт алат. Качкандардын экөө жолдон түшүп калып, Ленин айылындагы тааныштарыныкына кеткен. "Перехват" планынын натыйжасында алардын бешөө бир нече сааттан кийин эле кармалып, калган экөө качып кеткенге үлгүргөн. Милиция жалпысы болуп анда төрт адамга издөө жарыялаган.
Милиция "Дордой-1" жаңы конушунан түрмөдөн качкандардын бири Данияр Кадыралиевди таап, ал курчоого алынганда милиция кызматкерлерине бычак менен каршылык көрсөткөн соң, ага ок чыгарылгандыгын ИИМ билдирди. Ошентип, күч түзүмдөрүнө төрт күндөн бери уйку бербей келе жаткандардын бири жок кылынды. Анткен менен таң эртеден берки маалыматтарда Кадыралиев менен Азамат Мусуралиевди бирге көргөндүгүн, бир катарлары тамдын чатырынан байкагандыгын айтышкан. Милиция учурда эмки бутага Мусуралиевди алып, тинтип издеп баштады.
Сергей Лавров жана Питер Сийярто Будапешт 2 миллион дозада препарат ала турганын билдиришти. Венгрия россиялык вакцинаны өз аймагында колдонууга уруксат берген Евробиримдиктин алгачкы өлкөсү болуп жатат. Бул акыркы өлкө болбошу мүмкүн.
Коронавирус боюнча кырдаал Европада оор бойдон калууда. Ал жакта кызыл зона режими киргизилүүдө.
Макгрегор UFC уюмунда 2013-жылдан тарта күч сынаша баштаган. Алгачкы беттешинде эле америкалык Маркус Бримеджди нокаутка кетирген. Конор акыркы ирет АКШлык Дональд Серроне менен кармашып, аны да сулата чапкан.
Белгилей кетсек, Макгрегордун уюмдагы 22 жеңишинин 19у нокаут менен аяктаган. Конорду башка мушкерлер төрт жолу уткан, бирок бирөөсү да нокаут менен жеңишин майрамдаган эмес.Видеодо 2014-жылы Дастин Порьенин нокаутка кеткен видеосу бар. Эртең, 24-январда, мушкерлер кайрадан октагондо кезиккени турат.
Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайындагы турнир Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дөн өтүп башталат.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.
Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.
Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.
Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.