Мусуралиев Сокулук районунун Ыраакы Шорго айылындагы мал сарайдын биринде атып өлтүрүлдү. Кармоо учурунда укук коргоо органдарына каршылык көрсөткөндүктөн, милиция кызматкерлери ага 11 жолу ок аткан.
ИИМдин алдын ала маалыматы боюнча, ушул эле аймакта качкын кылмышкерлердин дагы бири Алтынбек Итибаев изделүүдө. Ал буга чейин депутат Санжар Кадыралиевди өлтүргөн деген айып менен эркинен ажыратылган. Милиция азыр аймакты тинтип жүрөт.
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган үч ЖАМК кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болду.Атайы операция учурунда качкындары бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев жок кылынган.
Кылмышкерлердин жүргөн жери тууралуу маалымат үчүн ИИМ бир миллион, ал эми УКМК 300 миң сом сыйлык берүүнү убада кылган.
Качып жүргөн калган эки кылмышкерди издөө активдүү жүрүп жатат.
Сергей Лавров жана Питер Сийярто Будапешт 2 миллион дозада препарат ала турганын билдиришти. Венгрия россиялык вакцинаны өз аймагында колдонууга уруксат берген Евробиримдиктин алгачкы өлкөсү болуп жатат. Бул акыркы өлкө болбошу мүмкүн.
Коронавирус боюнча кырдаал Европада оор бойдон калууда. Ал жакта кызыл зона режими киргизилүүдө.
Макгрегор UFC уюмунда 2013-жылдан тарта күч сынаша баштаган. Алгачкы беттешинде эле америкалык Маркус Бримеджди нокаутка кетирген. Конор акыркы ирет АКШлык Дональд Серроне менен кармашып, аны да сулата чапкан.
Белгилей кетсек, Макгрегордун уюмдагы 22 жеңишинин 19у нокаут менен аяктаган. Конорду башка мушкерлер төрт жолу уткан, бирок бирөөсү да нокаут менен жеңишин майрамдаган эмес.Видеодо 2014-жылы Дастин Порьенин нокаутка кеткен видеосу бар. Эртең, 24-январда, мушкерлер кайрадан октагондо кезиккени турат.
Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайындагы турнир Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дөн өтүп башталат.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.
Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.
Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.
Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.