Мэрия Бишкектин чок ортосундагы мыйзамсыз курулушту түрттүрдү

Жазылуу
Бишкек мэриясынын алдындагы жеке турак жай курулуш департаменти Киев көчөсүндө жайгашкан үйдүн мыйзамсыз салынган дарбазасын түрттүрүп салды.

Мекеменин маалыматына ылайык, муниципалдык аймакка курулган дарбаза Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде бузулду. Үй ээсинин тоскоолдук кылганынан улам аталган иш эки саатка жакын убакытты алган.

"Биз дарбазанын курулушу менен жабылып калган жолду ачтык. Калган бөлүгүн үй ээси өзү алууга милдеттендирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Сентябрь айында соттун тийиштүү чечими чыккан. Буга чейин мекеме менен аталган дарбазанын ээсинин ортосунда бир жыл бою талаш-тартыш болуп келген. Мыйзамсыз курулуш бульдозер менен түрттүрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0