(1:03 / 7.10Mb / )

Кармалган Абдырахмановго милиция меджардам көрсөтүп, замбил менен көтөрүп кетти

3852
(жаңыланган 19:01 22.10.2015)
Качкын кылмышкер Эдил Абдырахманов "Ала-Тоо" айылынын участкалык милиция кызматкери тарабынан кармалды. Тартип коргоо кызматкерлери айылдын көчөлөрүнүн биринен шектүү адамды байкап калышкан. Ал милиция кызматкерлерин көрө калып, талааны көздөй качканда милиция аны бутка атып жарадар кылган.

Абдырахмановду кармоо учурунда анын жанынан оюнчук тапанча жана "Ислам мамлекетинин" желеги табылган.

Колго түшкөн Абдрахманов жарадар болгон бутун кармап алып, оорусуна чыдабай, кыйкырып жатты. 

Аны күчөтүлгөн күзөт менен Чүй облустук ооруканасына алып кетишти. 

Эркиндикте жүргөн акыркы кылмышкер Алтынбек Итибаев учурда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында изделүүдө.

№50 түрмөдөн кылмышкерлер качкандан кийинки окуялардын өрчүү иретин Sputnik инфографикасынла көрө аласыздар>> 

3852
Белгилер:
Эдил Абдырахманов, милиция, кылмышкер, 50-түрмө
Тема:
№50 түрмөдөн качкан кылмышкерлер (125)
Тема боюнча
Сариев түрмөдөгү окуялардан улам ЖАМК системасын реформалоо муктаждыгын айтты
Кылмышкер Алтынбек Итибаев Жаңы-Жер айылынан изделип жатат

"Сен күрөшөсүңбү?" деп таң калышат. Балбан Сезим Жуманазарованын видеобаяны

458
(жаңыланган 16:32 15.10.2021)
Сезим Жуманазарова — Кыргызстандагы жаш, көптү үмүттөндүргөн балбан кыздардын бири. Көпчүлүктү суктанткан ажарлуу спортчу Sputnik Кыргызстан агенттигинин коногу болду.

Белгилей кетсек, балбан ушул жылдын сентябрь айында Уфада өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Сезим — дүйнө чемпиону, Токиодогу Олимпиадада коло медаль уткан Мээрим Жуманазарованын бир тууган сиңдиси. 

Бронзовый призер чемпионата мира по женской борьбе среди молодежи в Уфе Сезим Жуманазарова
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Сезим Жуманазарова — Кыргызстандагы жаш, көптү үмүттөндүргөн балбан кыздардын бири

Сезим Жуманазарова маек учурунда кантип күрөшкө келип калганын, эжеси менен атасы аны спортко кантип шыктандырганын, спортту канчалык жакшы көрөрүн айтып берди.

"Күрөшкө 9 жашымда эле атам менен Мээрим эжемдин артынан келип калгам. Алар залга барса артынан ээрчип алчумун. Ошентип жүрүп эле кызыгып кеттим. Анан чоң мелдештерге чыгып, күрөштүн даамын сезе баштагандан кийин спорт меники экенин түшүндүм. Айылда башында көп эле кыз күрөшкө барып жүрдү, бирок элдин кеп-сөзүнөн улам көбү таштап салды. Ошол маалда залда Мээрим эжем менен Айпери Медет кызы эле калган учурлар болду. Бирок атам "элдин оюна көңүл бурбай койгон максатыңарга жеткиле" деп айтчу", — деди Жуманазарова.

Сезим Жуманазарова сегиз бир тууган. Атасы Рахмадил Жуманазаров күрөш боюнча машыктыруучусу болсо, апасы лаборант. Үй-бүлөсүнөн Мээрим, Сезим жана Бегимай аттуу сиңдиси күрөш менен алектенишет. Балбан кыз бош убакытта ар кандай таттуу-тарапа, торт жасаарын жакшы көрөрүн айтып, мотивация берген китептерге кызыгарын белгиледи.

458
Белгилер:
балбан, спорт, Мээрим Жуманазарова, маек, видео, Сезим Жуманазарова
Тема боюнча
Мээрим Жуманазарова: атам калыңга миллион берсе да бербейм деп тамашалайт
Медаль, курдун баарын устатына тагып. Алкыш айткан чемпион кыздардын сүрөтү

Кыргыз ССРи индиялык депутаттарды кантип таң калтырган. 52 жыл мурунку видео

331
Быйыл 17-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 77 жылдыгын белгиледи. Кыргыз ССРинде ведомствонун пайдубалы 1944-жылы түптөлгөн.

Башка союздук республикаларда да ушундай министрликтерди түзүү менен СССР жетекчилиги геосаясатта стратегиялык маселелерди чечүүдө албан ийгиликтерге жетишти. Мунун аркасы менен Кыргыз ССРи да дипломатиялык багытта улуттук кадрларын даярдап, геосаясатка, Советтер Союзунун стратегиялык маселелерин чечүүгө жигердүү аралашып, мамлекеттик кызыкчылыкты коргоого чоң салым кошкон. Ошондон бери бул ведомство тажрыйба топтоп, кыйла такшалды.

Кыргызстан эгемендүүлүк алган 1991-жылга чейин республикадагы ведомстволордун ичинен биринчилерден болуп Тышкы иштер министрлиги 40 жылдан ашык тажрыйбасына таянып, көз карандысыз саясатты жүргүзүүгө даяр болчу. 1998-жылы 24-октябрдан баштап кыргызстандык дипломаттар кесиптик майрамын белгилеп келишүүдө. Андан бери кыргыз дипломатиясы далай сыноодон өтүп, геосаятта улуттук кызыкчылыктарды талыкпастан коргоп келет.

Жогорудагы даректүү тасманын үзүндүсүндө ТИМ 77 жылдын ичинде кандай жол басып өткөнүн эске салат. Кадрларда 1969-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов жана тышкы иштер министри Сакин Бегматова Фрунзе шаарында Индия парламентинин депутаттарын тосуп алганы көрсөтүлөт. Кулатов бул кызматка 1945-жылы шайланган эле, андан тышкары, СССРдин Жогорку Президиумунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Советтер Союзунун деңгээлиндеги дасыккан Кулатов Иосиф Сталин менен да далай жолу жолуккан. Ал СССРдин башчыларын коштоп чет өлкөлөргө расмий иш сапар менен көп барган. Ошол эле убакта чет мамлекеттерден келген жогорку деңгээлдеги делегацияларды тосуп, союздук республикар менен тааныштырып, аларды Кыргызстанга да алып келчү. Өлкөгө келген меймандарды сөзсүз түрдө Бегматова тосуп алып, республиканын жетишкендиктери менен тааныштырчу. Кыргызстандын эл аралык мамилелери ушинтип жолго коюлган эле. Белгилей кетсек, 1994-1991-жылдары Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигин жети министр жетектесе, анын бешөө аял киши болгон.

Кулатов 1961-жылы Леонид Брежнев башында турган делегациянын курамында Индияга достук визити менен барган. 1947-жылы индус эли Англиядан азаттык алгандан кийин Советтер Союзуна ыктагандыктан СССР да бул өлкөнү Түштүк Азиядагы жакын өнөктөш деп эсептеген. Индия билим берүү, айыл чарба, соода-сатык жана өндүрүш тармактары боюнча СССР менен тыгыз кызматташкан. Индиянын көркөм тасмалары жана артисттери Советтер Союзунда абдан популярдуу болчу.

Сунушталган даректүү тасмада индиялык коноктор Кыргызстандын жетишкендиктерине абдан таң калып караганы көрүнүп турат. Индияны 200 жыл башкарган Улуу Британия элди бир топ жакырлантып жиберген эле. Теги индус белгилүү экономист Утса Патнаиктин эсептөөсү боюнча, 1767-жылдан баштап 1938-жылга чейин англиялык баскынчылар Индиядан 45 триллион доллар өндүргөн. Натыйжада он миллиондогон адамдар ачкачылыктан өлгөн. Чет элдик депутаттардын Кыргызстандын кыска убакыттын ичинде илим, айыл чарба жана өндүрүш жаатында жетишкенин көрүп, жогорку баасын бергени да ошондон.

Буга чейинки макалаларда Тышкы иштер министрлиги кандай аракеттер менен түзүлүп, ишмердүүлүгү кантип жолго коюлганы тууралуу кенен жазылган. Мындан тышкары, ведомствонун тарыхын баяндап берген дипломаттардын эскерүүлөрү да бар.

331
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, Төрөбай Кулатов, Индия, СССР, делегация, өндүрүш, билим берүү, өнөр жай
Тема боюнча
Согуштан келген каттарга өзү жооп берип... Төрөбай Кулатов тууралуу 7 факты
Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых
Университетте ким болорумду билбей эле окугам. Элчи Нургазы Кемелбаев менен маек
Россиялык Су-25

Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык

0
Афганистанга Ирак жана Сириядан келген террорчулардын топтолушу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч туудурат.

Мындай кырдаал афган чек араларынын түндүк жактагы аймактардын баарында атайын кызматтардын активдешүүсүн жана аскердик күчтөрдүн даярдыгын күчөтүүнү талап кылууда.

13-октябрда Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушууда РФ президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнө Афганистандан ирактык жана сириялык тажрыйбасы бар террорчулардын келиши, "түз экспансиянын башталышы" толук ыктымал экенин билдирди. Ошону менен катар биргелешкен атайын операцияларга күч түзүмдөрүнүн алдын ала камылгасынын маанисин баса белгиледи. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко алдыдагы атайын операциялардын даярдыгына токтолду.

Жолугушуу өткөн күнү эле россиялык чалгындоо кызматы Афганистандагы азыркы кырдаалды мурдатан болжогону да белгилүү болду. Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети афган территориясынан баңгизат, курал, ок-дарынын агымы күч алганын маалымдады. Бул жакшы жышаан эмес.

Андан мурун РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко талибдер Афганистан провинциясын көзөмөлдөөгө чамасы келбей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын айткан эле. "Талибан"* кыймылынын айрым куралдуу топтору Тажикстанга басып кирүүгө да даяр. Ушундай кооптуулуктардан улам ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун) күчтөрүнүн афган чек арасына жакын жерге белгиленген "Аскердик боордоштук – 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык окуулары зарыл жана жетиштүүдөй көрүнөт.

Тажикстандагы Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда 18–23-октябрь аралыгына белгиленген машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан 5 000дин тегерегинде аскер кызматкери катышмакчы.

Окуунун алкагындагы операцияларга курал жана аскердик техниканын 700 бирдиги, анын ичинде 40тан ашуун учак жана тик учак (Су-24МР, Су-25, Ми-8МТВ, Ми-24), ошондой эле ар кыл багыттагы 15 учкучсуз аппарат да бар. Эске салсак, "Аскердик боордоштук – 2021" машыгууларынын жүрүшүндө "Өз ара аракеттешүү", "Издөө", "Эшелон" атайын операциялары өткөрүлөт, бул тууралуу биз да кабарлаган элек.

ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров кечээ аскердик күчтөрдүн биргелешкен тобунун күч жана каражаттары көбөйтүлгөнүн кабарлап, окууларда тажик-афган чек арасындагы окуялардын ар кыл нугун, абдан курчуп кеткен вариантына дейре эске аларын белгиледи.

Чабуулчулардын кезеги

ЖККУ боюнча союздаштар Афганистан менен чектешкен аймактарда атайын окууларга даярдыгын аяктап калды. Тажикстанга РФтин Борбордук аскердик округунун фронттук Су-24МР бомбалоочулары, Кыргызстанда жайгашкан "Кант" россиялык авиабазасынын Су-25 чабуулчулары да жеткирилген. Биргелешкен окуулар эң кызып калган убакта учкучтар шарттуу душманды издөө, анын объектилерин жок кылуу, мотоаткычтар бөлүгү жана танкисттердин чабуулуна көктөн ок атуу менен көмөк көрсөтүүгө машыгышат.

Чабуулчу Су-25 жердеги чакан көлөмдөгү кыймылдуу жана кыймылсыз объектилерин жок кылууга багытталган. Бул – буталар так көрүнгөн шарттарда же 30 метрден 5 чакырымга чейинки бийиктикте Кургактагы күчтөрдү күнү-түнү түздөн-түз колдоодо алмашкыс аскердик бирдик. Су-25тин бурулушунун чакан радиусу (500 метр) чабуул коюучу учкучтарына чабуулду майнаптуу уюштурууга, аскердик запасты (30 миллиметрлик замбирек снаряддары, тескелүүчү жана башкарылбаган ракеталар, түзөтүлчү жана кассеталык аба бомбалары, күчтүү көлөмдүү-жардыруучу аба бомбалары жана күйүүчү май аралашмасы толтурулган челектер) сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Су-25 чабуул коюучу учагынын максималдык аскердик жүгү – 4 тоннадан ашуун. Күчтүү жана универсалдык бул аба бирдиги Афганистанда 1980-жылдардын башында эле өзүн көрсөтө алган. Андан бери бир нече ирет заманга ылайыкташтырылганы да маалым.

Алдыдагы машыгууларга даярдык абдан кызуу жана олуттуу жүрүүдө. Россиялык Борбордук аскердик округунун командачысынын орун басары Алексей Лемякин сириялык тажрыйбаны эске алуу менен Тажикстанда ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоо милдеттеринин кеңири түрлөрү аткарыларын айткан.

Айтмакчы, "Аскердик боордоштук – 2021" ыкчам-стратегиялык окууларында ЖККУга мүчө болбогон Өзбекстандын күчтөрү келбегени менен буга чейинки биргелешкен контртеррордук машыгууларга катышканын да белгилей кетели.

Ыкчам жагдай

Талибдердин бул айдагы тышкы саясий активдешүү аракеттери, Дохадагы бир катар маанилүү жолугушуулары, чет элдик гуманитардык жана каржылык жардам алууга, кыймылды эл аралык деңгээлде мыйзамдуу саясий күч катары таанытууга кадамдары деле өлкөнүн мындан аркы экономикалык жана ички саясий бүлгүнүн токтото албачудай. Коңшу мамлекеттер жана Бириккен Улуттар Уюму талибдер инклюзивдик өкмөт куруу жана аялдардын укугун коргоо боюнча убадаларын аткарбаганын белгилеп жатышат.

"Талибандын"* өз "атаандаштарына" каршы туруу далалаттарына карабастан Афганистандын ири шаарларында жана түндүк провинцияларындагы электр чубалгылар линияларын жардыруулар дале токтой элек.

Талибдер өлкө бийлигин кайрадан ээлегенден бери афган жалпыга маалымдоо каражаттарында 17 теракт тууралуу маалыматтар чыкты. Аларга таянсак, көпчүлүгүнүн артында "Ислам мамлекети"* уюму турат. Кабул, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы жардырууларда 600 киши жабыр тартты. Терактылардын баары эле коомго ачыктала калган жок.

Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги 8-октябрдагы теракт 120 кишинин өмүрүн алып, 160тан ашуун адамды жарадар кылды. 14-октябрда Кунар провинциясында талибдердин уезддик полициясынын начальниги олтурган автомобиль жардырылды. АКШ жана НАТОнун аскердик интервенциялары менен болгон күрөштө "Талибан"* жеңишке жетишкенден бери Афганистанга Ирак жана Сирияда согуштук аракеттерди жүргүзүүдө тажрыйба топтогон ИМ* террорчулары чогула баштады. Бул "баары баарына каршы" согушунун уланышынан коңгуроо кагат.

Калган көйгөйлөрү аз келгенсип, ушул тапта афган калкынын жүрөгүн өйүтүп турган нерсе – өлкөдө бийлик үчүн күрөшкө улам жаңы, мурдагылардан да радикалдуу топтордун жаралышы. Ошондой эле этникалык тажик – кенже Ахмат Масуддун жетекчилигиндеги Улуттук каршылык көрсөтүү фронту да талибдер менен "эзелки" партизандык күрөшүн улантууда.

ЖККУ Афганистандагы абалды эске алып Тажикстандагы аскердик окууларын, ал эми Россия Душанбеге россиялык аскердик жана аскердик-техникалык жардамын, жакынкы айларда тажик-афган чек арасын материалдык-техникалык жактан бекемдөөгө көмөктөшүүнү уланта берери ажеп эмес.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

0
Белгилер:
Тажикстан, Россия, Афганистан, Сирия, согушкер, 'Талибан' кыймылы, чек ара, машыгуу, курал
Тема боюнча
Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?