Беловодскидеги көрүстөндө күн кечирген жаш үй-бүлө

Жазылуу
Михаил Замариндин айтымында, көрүстөндө жашоо андай деле коркунучтуу эмес. Металлга көз арткандарды эске албаганда, тескерисинче, абдан тынч.

Чүй облусунун Беловодск айылындагы көрүстөндө суусуз, жарыксыз күн көрүп келген Михаил Замариндин үй-бүлөсү жашайт. Ал бул жерде кароолчулук милдетти аткарат.

Курулуп жаткан Шүкүровдордун үйү. - Sputnik Кыргызстан
Шүкүровдун үй-бүлөсү үчүн Сариевдин жеке каражатына курулуп жаткан үй бүтүп калды
Замарин 40 жашта. Эки баласы бар. Улуусу жетиде болсо, кийинкиси үчтөн ашып калгган. Кароолчулугу үчүн 2,5 миң сом айлык алат.

Замарин турак-жайынан өрттүн кесепетинен ажырап калган. Жалын менен кошо анын бардык документтери да жок болгон. Мамлекет ушул жерден үй бөлүп берип, бул жактагы тартип көзөмөлүн да ага өткөрүп берген.

Михаил балдарын бутуна тургузуу кыялы бар экенин билдирди. Чүрпөлөрүнөн улам ал арактан да оолак болуп калган. Бирок анын кароолчулук кылып, көр казгандан тапкан каражаты эч нерсеге жетпейт. Улуу баласы дал ушул акчанын жогунан даярдоочу класска бара албай калган. Эми үй-бүлө аны мектепке бериш үчүн тыйын-тыпыр топтоп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0