Күз күрөш. Дыйкандар бир жылда эки түшүм алганга аракеттенишүүдө

Жазылуу
Баткен облусунун Бүргөндү өрөөнүндө дыйкандар бир жылда эки түшүм алууну адатка айландырышты.

Эгиндин түшүмдүүлүгү быйыл жогору болду
Бүргөндүлүк бир тууган ага-инилер Майрамбек менен Мээримбек быйылкы жылдын экинчи түшүмүн жыйнап жатат. Алар эрте жазда 1000 түп бактын көчөт отургузуп, арасы бош калбасын деген жаш дыйкандар атасынын кеңеши менен дарбыз өстүргөн болчу. Июль айында бышкан дарбыздын ар бирин 100 сомдон 150 сомго чейин сатышкан. Бош калган жерин кайра айдап түрп айдашкан. 

Майрамбектин айтымында, ал Россияга барып иштеп келгенге да үлгүргөн. Ал жакта да оңой оокат жок болгон соң, өз жерине келип, дыйканчылыкка баш оту менен киришкен. Жыйынтыгы ойдогудай болуп, 3 гектар жерден 100 тоннадан ашык дарбыз алып, эми болсо 300 тоннадан ашык түрптүн түшүмүн жыйноодо.

Жаш дыйкандардын апасы Болдукан Доорова суу келбеген какыр жерге суу чыгарып, азыр жакшы түшүм жыйнап жатышканын айтты. 

"Бул жерди өкмөттөн ижарага алып иштетип жатабыз. Көчөттөрдү да насыяга алганбыз. Түшүм жакшы", — дейт ал. 

Айыл чарба адиси Абдирашит Калмурзаевдин айтымында, дыйкандар менен ортомчулардын эмгеги калыс бааланбай калууда.

"Дыйкандар өстүргөн жашылча-жемиштерди арзан алган ортомчулар ага көп акча кошуп сатып, дыйкандардын эмгеги аз бааланып, ортомчулардын эмгеги көп бааланып калып жатат", — дейт ал.

Калмурзаев калыстык болбогон учурда дыйкандардын нааразычылыгы келип чыгышы мүмкүндүгүн айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0