Аалам сулуусу Таңсулуу Өмүрзакова өзүнүн сырлары туурасында айтып берди

Жазылуу
Болгарияда өткөн Super model' Universie 2015 сынагында баш байгени алган кыргызстандык Таңсулуу Өмүрзакова Sputnik кабарчысына эч кандай диета кармабастан, түн ичинде да тамактан баш тартпай турганын айтып берди.

Өмүрзакова спорт менен машыгуу жана жакындарынын колдоосу төгөрөгү төп келген сулуулукка жеткиргенин белгиледи. 

"Жакындарым мени ар убак колдоп, ийгиликтериме чын пейилден кубанып турушат. Баса, мен таза кандуу кыргызмын, Жалал-Абадда төрөлгөм", — дейт жеңүүчү.

Өмүрзакова сынактарга аны Instagram соцтармагынан таап алган Рыскүл Намазбекова алып келгенин белгилейт.

"Алгач жергиликтүү сынактарда жеңишке жетишип, Минскиде өткөн "Ааламдын сулуу айымы-2015" конкурсуна жолдомо алдым", — дейт ал.

Белоруссиядагы жеңиштен кийин кыргызстандык сулуу Испанияга чакыруу алган.

"Сынак Канар аралындагы Канта-Крус-де-Тенерифе шаарында өттү. Ал жактан "Европа сулуусу" номинациясын жеңип алдым", — дейт Өмүрзакова.

Аалам сулуусу Таңсулуу Өмүрзакова сахнага ырдап чыгууну кыялданат
Болгариядагы конкурска кыргызстандык сулууну "Ааламдын сулуу айымы" сынагынын уюштуруучулары чакырган.

"30 өлкөдөн келген атаандаштарымды жеңип "Ааламдын супермодели" аталам деп ойлогон эмесмин", — деп билдирди Өмүрзакова.

Супермодель учурда жети жашар кызын тарбиялап жатканын, эгер ал дагы апасынын жолун жолдоп сынактарга катышуу ниетин билдирсе тоскоолдук кылбай турганын белгиледи. Ал кыргызстандыктардын баарын спорт менен машыгууга, бирин-бирин сүйүүгө, мээрим төгүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0