Келдибеков: чындыктын негизинде чечим чыкты

Жазылуу
Соттун өкүмү чыккандан кийин залдагы Келдибековдун жактоочулары аны жабыла куттукташты. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков "катардагы ар бир жаран сыяктуу эле акталарына ишенгенин" айтты.

Ахматбек Келдибеков соттон чыгууда. - Sputnik Кыргызстан
Ахматбек Келдибеков жарым-жартылай акталды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековду "Коррупция" беренеси боюнча актады.

Бирок, сот Келдибеков Жогорку Кеңештин Москва шаарындагы атайын өкүлчүлүгүн ачууда кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик каражатты коромжу кылган деп Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча күнөөлүү деп таап, 3 миллион сом өлчөмүндө айып салды.

Келдибеков сотто бардыгына ачык-айкын мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтып, айыптоочулар да, күбөлөр да бардык документтерди көргөзгөнүн билдирди.

"Айыпка жыгылгандар да өзүбүздүн чындыгыбызды көрсөттүк. Чындыктын негизинде бүгүн чечим чыкты деп айта алам", — деди ал.

Жогорку Кеңештин Ата-Журт фракциясынан депутаты Ахматбек Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот Келдибековго карата бир кылмыш ишин токтотту
Экс-төрага ошондой эле, адвокаттар менен акылдашкандан кийин мыйзамдын негизинде кийинки кадамдарды жасаарын кошумчалады.

2013-жылдын ноябрь айында Ахматбек Келдибеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, убактылуу кармоо жайына камакка алынган. Ал мамлекеттик салык кызматы менен Социалдык фондду жетектеп жана парламенттин төрагасы болуп турганда коррупциялык иштерге барган деп айыпталган. Ооругандыгына байланыштуу анын чет жакка барып дарыланып келүүсүнө сот уруксат берген. Ал 2014-жылдын 14-августунда Кыргызстандан учуп кетип, 2015-жылдын 11-февралында кайтып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0