Россияга жихад жарыялаган кыргызстандык жөнүндө айылдаштары, мугалими айтып берди

Жазылуу
Интернет аркылуу Россияга жихад жарыялаган кыргызстандык бала 1993-жылы туулган Баткен облусунун тургуну Аскарбек Бакыбеков экенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Бакыбеков Россиянын Сириядагы аскерий аба чабуулдарын сынга алып, аларга каршы башка согушкерлер менен биргеликте жихад жарыялаган.

Лейлек районунун Достук айылынын тургундары Аскарбек Бакыбеков тууралуу айтып берип, ал кантип Сириядагы согушка катышып жүргөнүнө таң калышууда. Жергиликтүү тургун Гүлмира Үсөнова Бакыбековду 2002-жылдан бери тааный турганын айтып, апасы да мектепте мугалим болуп иштеп кеткенин билдирди.

"Апасы мектепте мугалим болуп иштечү. Кийин апасы Россияга кеткенден кийин алар да Бишкекке кетишти. Медреседе окуйт дешчү. Балким, ал бирөөлөрдүн үгүттөөсү боюнча кетти окшойт", — дейт ал.

Беш жыл Бакыбековдун класс жетекчиси болгон Зебинисо Халмурзаева окуучусун башкалардын тилине кирип, азгырылып кетиши мүмкүн деген оюн билдирди.

"Балким, ал ишенчээктигинен башкаларга азгырылып кетти окшойт. Экинчи бир божомолум аны бирөөлөр коркутуп алып кеттиби деп да жатам. Мындай жолго кантип түшүп кеткени түшүнүксүз", — дейт ал.

Халмурзаева Аскарбек боюнча апасынын илгери үмүттөрү болгонун мындайча түшүндүрдү.

"Бишкекте окуп жүргөндө апасы баласын араб тили боюнча котормочу кылам деп кыялданган. Апасы тарых мугалими эле, балдарын катуу кармачу. Эмне себептен апасынын тилин албай калганына мен да таң калам", — дейт ал.

Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн 10-бөлүмүнүн ага опери Айбек Эрмаматов райондун аймагынан Сирияда куралдуу кагылышууларга катышып жүрөт делген төрт жаран аныкталганын айтып, алар 25тен 30 жашка чейинкилер экендигин белгиледи.

"Бул адамдардын дин боюнча сабаты жок болгондуктан кээ бир агымдарга азгырылып кеткендер. Бакыбеков боюнча керектүү маалыматтарды чогулттук", — дейт ал.

Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын акыркы берген маалыматтарына ылайык, Сириянын аймагында 500гө жакын кыргызстандыктар согушуп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0