Ураган жана жарылган дубалдар. Темир Сариев зилзаладан жабыркаган үйлөрдү жеринен көрдү

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Ош облусунун Кара-Суу районундагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери менен жеринен таанышты.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер титирөөдөн үйү жабыркагандар мектептерде баш пааналайт
Апта башында Кыргызстандын түштүгүндө 4 баллдан 7 баллга чейин жеткен үч жер титирөө катталган. Ош облусунда 3400 турак жай текшерүүгө алынып, 390 үй жараксыз деп табылган. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы жана ӨКМ жетекчисин кабыл алып, табигый кырсыктан жапа тарткан элдин абалы менен жеринен таанышуу тапшырмасын берген эле.

Билим берүү министри Эльвира Сариева Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылындагы эки мектептен 20 класс жер титирөөдөн жабыркагандарды жайгаштыруу үчүн бөлүнгөнүн маалымдаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0